Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.03.2019 11:47

Ысык-Көлдөгү рейдде 15 мас айдоочу кармалып, айып салынды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун аймагында 4-марттан 13-мартка чейин «Тонировка» аттуу рейд уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган 350гө жакын айдоочуга протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 15 айдоочу кармалды.

Терезелерин караңгылаткан 12 айдоочунун автоунаалары атайын унаа токтотуучу жайга киргизилип, ар бирине 5500 сомдон айып салынды. Баардыгы 30дан ашуун унаа айып жайга токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×