Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Талас облусуБакай-Ата району 14.03.2019 09:10

Тагдыр: Таластык Нестан сүйүктүү ырчысы Ф.Киркоровду кучактаган күнүн унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районунун 31 жаштагы тургуну Нестан Дейдиева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, алдыга койгон максаттарын ишке ашырып келет.

Н.Дейдиева аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал БГУнун социалдык психология факультетин бүтүргөн. Кесиби боюнча социалдык жумушчу. Магистратураны 2015-жылы аяктаган.

«Апамдын айтуусу боюнча мен жаңы төрөлгөндө медайым колунан түшүрүп алган экен. Ошондон кийин мага төрөттөн кийинки жаракат, андан кийин шал оорусу деген диагноз коюшуптур. Кичинекей кезимден бери дарыланам, 2 жолу операция болгом. Бул оорулардан улам көптөгөн кыйынчылыктар башымдан өттү. Алгач мектепте, андан кийин ЖОЖдо билим алуу кыйынга турду. Ошентсе дагы тырышып окуп жүрүп аяктадым. Балдак менен жүрсөм дагы өзүмдү мүмкүнчүлүгү чектелген деп эсептебейм. Досторум, курбуларым менен аралашып, алар менен бирге ар кандай иш-чараларга катышам. Өзүмдү оптимист катары санайм», - дейт ал.

Анын айтымында, ал 2 жыл мурун эң жакын адамынан ажыраган.

«Мени дайыма апам колдоп келчү эле. Тилекке каршы, апам 2 жыл мурун каза болуп калгандан кийин, мени таякем жана таажеңем өз камкордугуна алышкан. Алар мени дайыма колдоп келишет.

Бизде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жумуш табуу кыйын болгондуктан азыр жумушсузмун. Биринчи жумушумдан дагы кетүүгө аргасыз болгом. 2015-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык коргоо бөлүмүндөгү балдардын ишеним телефонунда оператор-психолог болуп ишке орношком. Жетекчибиз мени башында жумушка кабыл алгысы келбей, кийин министрдин өтүнүчү менен алган эле. Ал мекемеде 4 жыл 4 ай иштеген соң мага арыз жаздырып, психологиялык басым кылгандыктан жумуштан чыгып калгам.

Андан кийин депрессияга кабылдым, бирок муну дагы сыноо деп эсептеп, атайын китептерди окуп, кийим токуп, өзүмдү алаксытып жүрдүм. Ошондон кийин өлкөдө социалдык адилеттүүлүк бардыгына ишенбей калдым. Анткени мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды басынтып, дискриминация кылышканына өзүм күбө болдум», - дейт ал.

Нестан Дейдиева жакшы көргөн ырчысы менен жолуккан күндү эч качан унутпайт.

«Белгилүү ырчы Филипп Киркоровдун күйөрманымын, анын ырлары абдан жагат. Анын концертине 3 жолу акысыз киргем. 2015-жылы Энелер күнүндө ырчылар Николай Басков, Жасмин, Филипп Киркоров Кыргызстанга келип, концерт беришкен. Ошол күнү жамгыр токтобой, катуу жаганына карабай, Ф.Киркоровго гүл алып баргам. Концерт бүткөндөн кийин сахнанын артында күтүп турдум. Ал чыккандан кийин өзүнүн сүрөтүнө кол тамгасын коюп берди. Анан мен гүлүмдү тапшырып, андан: «сени кучактасам болобу?» деп сурасам, «ооба, болот» деп жооп берди. Аны кучактап, «мен сизди абдан жакшы көрөм, ырларыңыз аябай жагат» деп айттым. Ал дагы мага ыраазычылыгын билдирди. Ошондо элдин көптүгүнө карабай, алып барган гүлүмдү тапшырып, жакшы көргөн ырчым менен жолугуу максатыма жеткеним үчүн ыраазы болгом.

Бош убактымда психологиялык китептерди окуйм. Ыр угам, кол өнөрчүлүк менен алектенем. Келечекте өзүм токуган буюмдарды саткан дүкөн ачып, ушул ишимди өнүктүрсөм деген максатым бар», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×