Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Жалал-Абад облусуАксы району 13.03.2019 09:20 Жаңыланды: 13.03.2019 17:43

Айыл турмушу: Аксылык саяпкер асыл тукум жылкы чарбасында 1 млн сомдук аттарды багат (сүрөт, видео)

Turmush -  Аксы районунун Ак-Дөбө айылынын 53 жаштагы тургуну Жорокул Айдарбеков атасынан калган асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүүдө. Ал учурда 60 баш төл берүүчү жылкыларды багып, анын 6 айлык кулундарын 50 миң сомдон сатууда. Фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, асыл тукум жылкылар союз учурунан бери багылат.

«Кадыркул Ажы» деп аталган жылкы чарбасы 2009-жылы уюшулган. Бул Жалал-Абад облусундагы асыл тукум жылкы багылган жалгыз ферма болуп эсептелет. Бирок мындагы жылкылар союз учурунан бери багылып келет. Учурда 60 баш жылкы бар. Алардын 6 айлык кулундары базарда 50 миң сомдон бааланат. Издеп келип, алып кеткендер болот. Учурда асыл тукум жылкыларды көбөйтүп, чарбаны чоңойтуп жатабыз», - деди Ж.Айдарбеков.

Ал учурда жылкы багууну билбеген адамдар деле саяпкер болуп алганын айтат.

«Кыргыздар илгертеден эле жылкыны барктап, баалап келишкен да. Баатырлардын да даңкын чыгарган алдындагы тулпары болгон. Алар таптаган күлүктөр жарыштарга түшүп, элди таң калтырган. Менин атам дагы жылкычы болгондуктан аны ээрчип жүрүп, көп нерсени үйрөндүм. Жылкы багуунун түйшүгү өтө оор. Аны билип, билбегендер деле азыр өздөрүн жылкычымын деп айтып жатышат. Алар деле кээде жылкынын породасын айырмалай албай калышат. Ат сатып алган адам деле өзүн саяпкер атайт. Негизи жылкыны жакшы билген адам гана мыкты аттарды таптай алат. Азыр чыныгы саяпкерлер аз, ошондуктан жакшы аттар дагы аз», - дейт ал.

Анын айтымында, ал баккан аттардын арасынан көк бөрүдө мыкты чуркагандары да кездешет.

«Жакшы жылкы баксаң жакшы акчага сатасың. Биздин жылкылардын 6 айлык кулундары 50 миң сомго бааланат. Атайын базарга алып чыгып сатпайбыз. Жылкыны жакшы билген адамдар издеп келип алып кетишет. Биздин жылкылар эт багытындагы эмес, жарышка түшө турган жылкылар болуп саналат. Азыр алар көк бөрүдө жакшы жыйынтык көрсөтүп жатышат.

Фермердик чарбада 1 млн сомдук аттар үйүргө коюлат. Ал аттарды өзүбүз даярдап, 15 бээге айгыр катары кошуп, бээлерибиз дагы чоң болгондуктан жакшы кулундарды алып жатабыз. Аларды туулгандан баштап тарбиялап, мыкты күлүк кылып чыгарса болот. Учурда аттарды 15 миң долларга чейин сатуудабыз», - деди ал.

Райондогу белгилүү саяпкер катары таанылган Жорокул Айдарбеков: «Күлүк аттарды таптоо өтө татаал. Жем, суу, чөбүн убагында бериш керек. Атты 3 ай жем берип баккандан кийин 3 ай суутушка туура келет. Эгер аз суутуп койсоң ат бузулат, жакшы чуркабайт. Мисалы атты жакшы сууткандан кийин анын көзү курчуп, чуркагандан коркпой калат. Эң узак дегенде аны 20 чакырым бастыруу керек», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×