Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуКочкор району 14.03.2019 17:15 Жаңыланды: 09.04.2019 23:15

Эгиздер: Бири-бирине окшошпогон бийчи Нуркыз менен кол өнөрчү Кундуз (сүрөт)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Майрамбек кызы Нуркыз жана Кундуз.

Эгиз кыздар 12 жашта, алар Көк-Жар айылындагы Т.Үсубалиев атындагы орто мектепте билим алышат. Мындан сырткары райондун борборундагы музыкалык мектепке кошумча сабактарга барышат. Нуркыз келечекте доктур болууну кыялданса, Кундуз стюардесса болууну самайт.

Кундуз: «Мен стюардесса болууну каалайм. Асманда учак менен учуп жүрүү керемет да. Көптөгөн өлкө жана шаарларды көрөсүң. Эртең менен Кыргызстанда ойгонуп, Улуу Кытай сепилинде түштөнүп, кечинде сүйүү шаары болгон Париждин көчөлөрүндө сейилдөө — бул сонун эмеспи. Андыктан чет тилдерди жакшы окуп үйрөнүп жатам. Биз үйдөн бири-бирибизге сабактардан жардам беребиз. Апам дагы үй жумуштарын экөөбүзгө бөлүп берет», - деди.

Нуркыз: «Мен так илимдерге жакынмын. Кундузга математика сабагынан жардам берем. Мен өзүмдү келечекте ак халатчан элестетем. Анализ алып, жыйынтыгын чыгарган абдан жагат. Бул кызыктуу болсо керек. Доктур болуу үчүн биология жана химия предметтерин жакшы окуу зарыл деп ойлойм.

Бала бакчага баруу жакчу эмес, ал жактан каччумун. Спортко кызыгып, күрөшкө барчумун. Колумду кокустатып алып, ал жакка барбай калдым. Азыр бий курсуна барам. Бизди эгиз деп эч ким ойлобойт жана ишенишпейт», - деди.

Эгиздердин апасы Жылдыз Эсенова буларга токтолду.

«Нуркыз бийге кызыкса, Кундуз кол өнөрчүлүккө кызыгат. Райондун борборундагы музыкалык мектепке барып, кошумча билим алышууда. Экөө бири-бирин издеп турганы менен атаандашып да турушат. Ошондуктан кыздарга окшош кийим алып беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×