Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Баракелде, Бишкек 07.03.2019 18:00

«Кыргызнефтегаз» эгемендүүлүктөн бери биринчи жолу 126 000 тонна мунай өндүрдү

Turmush -  Кыргыз Республикасында мунай жана газга чалгындоо жумуштарынан тарта, газды жана мунайды өндүрүү, газ жана мунай продукцияларын кардарларга сатууга чейинки бардык баскычтарды камтыган жападан жалгыз ишкана болуп «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому саналат.

2018-жыл «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому үчүн ийгиликтүү жыл болду. Жылдын башында алдыга коюлган өндүрүштүк пландар ашыгы менен аткарылып, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр мурунку жылдарга караганда кыйла жогорулаган. Мындай ийгиликтер чоң эмгектин арты менен келип отурат. Эки жарым миңге жакын жумушчусу бар «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому алдыга койгон максатты ишке ашырууда бир муштумдай түйүлүп, бир тилек, бир билек болуп, өндүрүштүн үстүндө гана иш алып барып жатканы ийгиликтер менен коштолуп жатат.

«Кыргызнефтегаз»

Ишкананын 85 пайызына мамлекет ээлик кылгандыктан «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов: «Мамлекеттик саясатты гана колдоп, өз ишибизди туура, так аткарып, бюджетке киреше алып келишибиз керек! Өндүрүш болгон жерде саясат четке сүрүлүп, эмгек биринчи орунда болушу зарыл!», - деген багытты тандаган.


«Кыргызнефтегаз» (3)

Республикалык бюджетке ири киреше алып келген саналуу ишканалардын бири дал ушул «Кыргызнефтегаз» ишканасы. Бюджетке ири киреше алып келген ишканада биринчи орунга өндүрүш чыкканда ийгилик көп күттүрбөстөн келээрин 2018-жылдын жыйынтыктары бышыктады.

Ынтымак бар жерде ийгилик жаралат

«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 2018-жылы 100 миң тонна мунай өндүрөбүз деп пландаса, жылдын соңунда иш жүзүндө 126 миң тонна мунай өндүрүүгө жетишти. Бул планга салыштырмалуу 126 пайызга жумуш аткарылды дегенди билдирет. Бул жетишкендик геологиялык-техникалык иштерди, тактап айтканда бургулоо иштерин, жаңы скважиналарды ишке киргизүү, скважиналарда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү, скважиналарда ГРП жасоо жана чет элдик инвесторлор менен тыгыз иш алып баруунун негизинде ишке ашкан. Акыркы 10 жылдыкта «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому жыл сайын 70 миң тоннанын тегерегинде мунай өндүрүп келген. Кээ бир жылдары план аткарылбай, артка кеткен учурлар да болгон. Рашит Бостонов бул ишканага жетекчи болуп келгенден бери мунай өндүрүү туура нукка түшкөнүн белгилеп өтүү зарыл.

Кайсыл жерде ынтымак болсо, ошол жерде өсүү болот дегендей, «Кыргызнефтегаз» эмгек жамаатынын бүгүнкүдөй ынтымагы ишкананын өсүүсүнүн биринчи фактору болууда. 2018-жыл үчүн планда товардык продукциянын көлөмү 1 миллиард 966 миллион 292 миң сом деп каралса, иш жүзүндө бул көрсөткүч 2 миллиард 806 миллион 750 миң сомду түзгөн. Бул көрсөткүчтү мурунку жылга салыштырганда 144,6 пайыз өсүү темпи болду дегенди түшүндүрөт. Жалпысынан 2 миллиард 804 миллион 297 миң сомдук продукция сатылып, планда каралган 2 миллиард 11 миллион 582 миң сомдук көрсөткүч 139,4 пайызга аткарылган.

Өсүүнү далилдеген цифралар

Жылдын жыйынтыгы менен «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 933 миллион 444 миң сом баланстык киреше тапканга жетишкен. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коом болуп түзүлгөндөн бери баланстык киреше 933 миллион 444 миң сомго чыккан эмес. Бул көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бүгүнкү күндө ишканада бардык көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалып, казып алуу, өндүрүү, кайра иштетүү көрсөткүчтөрү өсүүдө. Мындан сырткары жетекчилик чыгымдарды оптимизациялоого жетишип, ал дагы ишкананын кирешесине оң таасирин тийгизип жатат.

Мисалы, баланстык киреше:

- 2016-жылы 421,8 миллион сом;

- 2017-жылы 652,7 миллион сом;

- 2018-жылы 933 миллион 444 миң сомго жетти.

Бул көрсөткүчтөр менен ишкананын баланстык кирешеси вектордук багыт менен жогорулап өсүп жатканын байкоого болот.

«Кыргызнефтегаз» акционердик коому жалпысынан бюджетке бир жыл ичинде 919 миллион сомдук төлөмдөрдү төлөгөн. Анын ичинен салыктарга 602 миллион сом берилди. 2017-жылы ишкана салыктарга 492,4 миллион сом төлөгөн болсо, 2018-жылы 110 миллион сомго көп төлөм жүргүзгөн. Социалдык фондго болгон камсыздандыруу төлөмдөрүнө дагы өз убагында 192 миллион сом төлөнүп берилген.

Бүгүнкү күнгө «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун карызы жок. «Кыргызнефтегаз» мурунку жылдарга салыштырганда алда канча кубаттуу. Акционердик коомдун 85 пайыз акциясына мамлекет ээлик кылгандыктан, мамлекеттик үлүшкө төлөнгөн дивиденттин суммасы да жыл сайын жогорулап баратат. 2018-жылдын көрсөткүчү менен мамлекетке дивидент катары 125,1 миллион сом төлөндү.

Жумушчуларга түзүлгөн шарттар, жаңыланган жаңы техникалар

Мунайды өндүрүүдө, аны кайра иштетип чыгарууда техникалык база дагы күчтүү болуусу шарт. Техникалар да тынымсыз жаңыланып турушу керек. Бул багытта дагы «Кыргызнефтегаз» акционердик коому бир жыл ичинде алгылыктуу иштерди аткарууга жетише алды. Кочкор-Атада жайгашкан мунайды даярдап жөнөтүү участогунда буу казандар буга чейин көйгөй жаратып келген. Учурунда эки жарым тонналык буу казан иштеп келген болсо, 2018-жылы ага кошумча алты тонналык буу казан курулуп ишке берилген. Баткен облусундагы «Кайрагач» мунай даярдап жөнөтүүчү участогунда бир тонналык буу казан иштеп келсе, 2018-жылы кошумча эки жарым тонналык буу казан орнотулуп иштей баштаган. Буу казандар белгилүү бир өлчөмдө жылуулук берип, мунайды ар кандай суюктуктардан тазалып ажыратып алуу милдетин аткарат.

Авто паркты жаңылоо иштери дагы 2018-жылы унутта калган эмес. Экономикалык көрсөткүчтөр жогору болгондуктан 2019-жылга жалпы баасы 79 миллион 203 миң 620 сомго жаңы 28 даана техника сатып алуу каралып, 2018-жыл декабрь айында 13 техниканы сатып алуу үчүн тендер өткөн. Өткөн жумада ошол 13 техниканы тапшыруу аземи болуп өттү.

«Кыргызнефтегаз» (2)

«Кыргызнефтегаз» (1)

2019-жылдын 1-январынан баштап жумушчулардын айлык маянасы 15 пайызга көтөрүлдү. Муну жөнөкөйлөтүп айтканда, 31 миң сом айлык алган жумушчулардын маянасына жыл башынан баштап 5 миң сом акча кошулду. 2017-жылдын жыйынтыгы менен эмгекчилерге 2018-жылы 60 миллион сом сыйлык (он үчүнчү айлык) төлөнүп берилген. Жумушчулардын өз жумушуна болгон кызыгуусун арттыруу, эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында башкармалыктын чечиминин негизинде «кварталдык тамак-аш» үчүн 31,6 миллион сом төлөнгөн. Мындан сырткары кошумча эмгек акы, сыйлыктар да берилип турат.

«Кыргызнефтегаз» (4)

Коррупцияга каршы күрөш, элетке бурулган көңүл

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков приоритеттүү багыт катары аймактарды өнүктүрүү экенин белгилеп айтып келет. «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому да президенттин демилгесин колдоп, аймактарды өнүктүрүү, коррупция менен күрөш жүргүзүүдө бир топ алгылыктуу иштерди жасап жатат. Кочкор-Ата шаарына жакын жайгашкан айылдарды жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн атайын 6 долбоор иштелип чыгып, максаттагыдай ишке ашырылган. Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу Бостон, Көп-Там, Коммунизм участкаларында 550 абонент толук жаратылыш газы менен камсыз болсо, Кочкор-Ата шаарынын айланасындагы Семетей, Келечек, Сере Раззаков, Сумсар, Бабур көчөлөрүндө 157 абонентке газ түтүкчөлөрү тартылып, көгүлтүр от киргизилген. Жалпысынан 707 үй-бүлөгө жаратылыш газы жеткирилген.

Өндүргөн продукцияны уурдагандар менен дагы аёосуз күрөш жүрүүдө. Мурун «Кыргызнефтегаз» мунай уурдоо кылмыш иштеринин бети ачылмак турсун, мындай иштер элге белгисиз бойдон кала бергенин көпчүлүк билет. «Кыргызнефтегаз» Кочкор-Атадагы мунайды чогулткан кампасынан Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводго мунай жеткизген түтүктү тешип, кара майды уурдап, автоунаага куюп жаткан жеринен кылмыштуу топту ишкананын коопсуздук кызматы түнкүсүн кармоого аракет кылганда, уурулар автоунаасын таштап качып кетишкен. Качан гана «Кыргызнефтегаз» жетекчилиги, коопсуздук кызматы коомчулукка, президентке кат аркылуу кайрылганда гана уурулар таштай качкан автоунаанын айдоочусун милиция кызматкерлери кармашкан. Бул иш боюнча иликтөө иши жүрүп, райондук сот процессинде кармалган адам өз күнөөсүн мойнуна алып, 6 жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн «Кыргызнефтегаз» коррупция, уурулук менен күрөшүүнүн жаңы этабына чыгып отурат. Ишканага таандык мекемелерге, мунай өндүрүүчү участоктордо, адырдагы скважиналарга, жолдорго, өткөрмө пункттарда, мунайды сактоочу кампаларга онлайн түрүндө көзөмөлгө алып турчу видеокамералар орнотулуп, иштей баштады. Бул уурулукка жол бербей, мунай өндүрчү, сакталчу жерлерге адам факторун аралаштырбай, техниканын жардамы менен тыкыр көзөмөлгө алуу аракети болуп саналат.

Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводго чейинки түтүктөр дагы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынган. 2018-жылдагы ишкананын кирешесинин көбөйүшү жетекчилик тараптан тартип катуу коюлуп, мамлекеттин, элдин байлыгын алкымы жамандарга жедирбей, өлкө казынасы үчүн иштеп жатканынын далили.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×