Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусу, Ош 05.03.2019 15:10

Ошто 40 жаштан жогорку мугалим айымдар волейболдо мелдешти

Turmush -  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өлкөнүн түштүк аймагындагы ЖОЖдордун 40 жаштан жогорку курактагы аял мугалимдеринин ортосунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

Аталган мелдеш Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын демилгеси менен Ош шаардык аялдар кеңеши жана Кыргызстандын Волейбол федерациясынын Оштогу бөлүмүнүн колдоосу астында «Дени сак аял дени сак улут» аттуу ураандын негизинде 8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Мелдеш окуу жайдын спорттук залында салтанаттуу түрдө ачылып, ага Жогорку кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Айнура Осмонова, Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Х.Сүйөркулова, жергиликтүү бийлик өкүлдөру жана ЖОЖдордун жетекчилери катышты. Ачылыш аземде ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуев жана эл өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, ар дайым спорт менен дос болууга, ушундай иш-чаралар менен аялдардын сергек жашоосунун образын түзүүгө жана достук мамиле менен ынтымактын үлгүсүн көрсөтүүгө тилектештиктерин билдирүү менен оюндун журүшүнө ийгилик каалап өттү.

Мелдешке ОшМЮИнин, ОшКУУнун, ОшТУнун, ОшМУнун жана ОГПИнин командалары катышып, оюндун жүрүшүндө командалар өздөрүнүн болгон аракеттери менен жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында III орунду ОшТУнун, II орунду ОшМУнун, ал эми I орунду ОГПИнин мугалимдер командасы ээлешип, жеңген командалар жана мелдеш учурунда өзгөчө оюн көрсөткөн мыкты оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан диплом, акчалай сыйлык жана белектер менен сыйланышты. Ошондой эле мелдешке активдүү катышкан улуу муундагы мугалимдерге А.Касымалиева Жогорку Кеңештин алкыш баракчасын тапшырды.

Аталган мелдеш ЖОЖдордо кезек менен уюштурулуп келет. Буга чейинки оюн Ош технологиялык университетинде өтсө, ал эми кезектеги мелдеш Ош мамлекеттик университетинде өтө турганы маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×