Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусу, Нарын 26.02.2019 14:47

«Мугалим — мөмөлүү дарак»: Нарында педагогдор арасында облустук сынак өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепте Нарын облусунун мугалимдери арасында «Мугалим — мөмөлүү дарак» аталышындагы сынак өттү. Ага Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан мугалимдер келип, жалпысынан 11 педагог ат салышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Назгүл Ибраева билдирди.

«Иш-чара Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жана Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жатат. Сынакка облусубуздун бала бакчаларынын тарбиячылары, мектеп, колледж жана Нарын мамлекеттик университетинин мугалимдери келишти. Катышуучуларга 5 тапшырма берилип, алар өздөрүн алып жүргөнүнөн баштап талантына чейин бааланды. Биздин максатыбыз — аймактардагы мугалимдердин билимин, адебин жана жүрүм-турумун жакшыртуу, чыгаан мугалимдерди эл алдына чыгаруу болуп саналат», - деди Назгүл Ибраева.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени Нарын медициналык окуу жайынан жана Өрнөк айылынан келген 2 мугалим жеңип алды. Ал эми 1-орунду Орто-Нура айылынын «Чоң эне» бала бакчасынын тарбиячысы алса, 2-3-орунду Кочкор районунан келген 2 мугалим ээледи. Катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар жана ардак баракчалар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×