Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ош облусу, Ош 15.04.2019 21:00 На русском

Айыл турмушу: Ошто 12 жылдан бери самса саткан Арап шоуга катышкандан кийин бүткүл шаарга таанылды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну Арап Бердибай уулу күнүнө 15 чакырым жол басып, самса сатат. Ал шоулардын бирине катышкандан кийин бүткүл шаарга таанымал болгонун аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, эми аны жергиликтүү жашоочулар гана эмес дарыгерлер, милиция кызматкерлери, таксисттер да таанып калышты.

«Ал гана эмес башка улуттун өкүлдөрү да тааный башташты. Көчөдө самса сатып жүрсөм унаада бара жаткандар кол көтөрүп өтүп жатышат. Ош улуттук драма театрында самса сатып жүрсөм шоуга катышкан балдар жардам сурап калышты. Алар менден самса салуучу арабамды жоготуп алган учурду сахнада чагылдырып берүүнү суранышкан. Макул болдум, бирок сахнага чыгуу татаал болду. Сахнага чыкканда эл күлүп жиберди», - деди ал.

Арап 12 жылдан бери самса сатып иштейт. Ал күнүнө орто эсеп менен 100дөн ашык самса сатат.

«Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Кичүүсү болгондуктан үй жумуштарын жана тамак-ашты жакшы жасайм. Себеби эжем турмушка чыгып кеткен. Өзүмдө да кызыгуу бар эле. Бала кезимден бери ашпозчу болууну самачумун. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 9-класстан кийин окубай калгам. Бирок мектепте жакшы окучумун. География, тарых жана башка сабактарды жакшы билем. Чет тилдериндеги күнүмдүк колдонуучу сөздөрдү үйрөнүп алгам», - дейт Арап Бердибай уулу.

Атамдан калган арабаны айдап жүрөм деген Арап күнүнө 250-300 сомго чейин киреше табат.

«Союздан калган араба качан бузулуп калат деп корком. Келечекте ашпозчу болуп, апамды ажылык сапарга алып барууну кыялданам. Күн сайын 06:30да жумушка чыгып, саат 20:00 чамасында үйгө келем. Шоуга катышкандан кийин самса саткан жерлер ишке чакырды. Бирок макул болгон жокмун. Себеби 12 жылдан бери иштеген жеримди таштап кете алган жокмун.

Кээде жүрөк ооруткан окуялар да болот. Самсаны алып, акчасын төлөбөй кетишет. Артынан кууп, жете албай калам. 2016-жылы 15-сентябрда концерт болуп, ошол жерде самса сатып жүрсөм балдар келип уруп, акчамды алып кетишкен. Самсанын акчасын жетекчиме бериш керек болчу. Көп самса саткан элем. Жетекчиге балдар сабап кеткенин айтсам түшүнбөй, айласыздан 300гө жакын самсанын акчасын төлөп бергем.

Кызыктуу окуялар да болбой койбойт. Бир күнү көчөдө жүрсөм бирөө "эже" деп кыйкырып калды. Карасам мени көрүп чоочуп кетип, "кечиресиз мен сизди эже деп ойлоптурмун" деп күлүп кетип калды. Жолдо жүрүп акча таап алган күндөр да көп болот. Бир жолу эс алуучу жайдан 5 миң сом таап алгам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×