Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусу, Кант 12.02.2019 18:30 На русском

Кант шаарында 2 унаа кагышып, бирөөсүнөн өрт чыкты (толукталды). Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Кант шаарында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кант шаарынын Ленин жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаа менен жүк ташуучу «Хово» унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаадан өрт чыккан.

Күбөлөрдүн айтымында, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, жүк ташуучу унааны сүзгөн.

«Жеңил унаанын ичинде 5 бала бар экен. Айдоочу катуу жабыркаса, калган төрт жүргүнчү жеңил жарат алышты», - деди күбөлөр.

Чүй облустук ЖКККБдан билдиришкендей, 11-февраль күнү болжол менен саат 21:40 чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 23-чакырымында жол кырсыгы катталган.

1996-жылы туулган жигит «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жаткан. Ал чыгыштан батышты көздөй келе жаткан «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Натыйжада жеңил унаанын айдоочусу менен 3 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Ивановка айылынын ооруканасына кайрылышкан.

Учурда жол кырсыктын себептери териштирилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×