Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.02.2019 12:57 Жаңыланды: 12.02.2019 15:58 На русском

Тагдыр: Жаңы төрөгөндө күйөөсү таштап кеткен Наргиза 5 баласы менен кампада жашап жатат (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарынын 29 жаштагы тургуну, 5 баланын энеси Наргиза Тойматова жардамга муктаж. Өзүнүн айтымында, ал кичинекей балдары менен учурда картошка сактоочу кампада жашап жатат.

«Буга чейин батирлерде көчүп жашап жүрдүк. Батирдин ижара акысын төлөй албай, аргасыздан ушул жерде жашоого мажбур болуп жатабыз. Жолдошум 2 ай мурун, эң кичүү балам жаңы төрөлгөндө таштап кетти. Үйдө жүргөндө деле иштечү эмес. Мен 5 балам менен иштей албайм, 2 балам мектепке барат. Бир балам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Эң кичүүсүнө 2 ай гана болду.

Ата-энем Жети-Өгүз айылында тиричилик кылышат. Балдарыма жөлөк пул алуу үчүн документтерди жаңы эле өткөрдүм. Мэрия тарабынан кышында электр энергияга болгон төлөмдөр төлөнгөн жана көмүр берилген. Ал деле суукта түгөнгөнү калды. Биз жашап жаткан кампа картошка сактоо үчүн курулган экен. Ушул жерде эптеп 5 балам менен күн кечирип жатабыз. Азыр менин иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок, себеби жаңы төрөлгөн балам менен эч жерге чыга албайм. Биз жардамга муктаж болуп турабыз», - дейт Наргиза.

Жардам берүүнү каалагандар 0708801414 номуру аркылуу Наргиза менен байланышса болот. Элсом: 0557880480.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×