Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.02.2019 12:52 Жаңыланды: 12.02.2019 21:08 На русском

Мал базардан денеси табылган окуучуну 8 адам сабап өлтүргөн. Шектүүлөр 16-17 жашта

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда эртең менен Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы мал базардан адамдын жансыз денеси табылган. Turmush басылмасына маалым болгондой, маркум 11-класстын окуучусу экени аныкталган.

Каракол ШИИБ менен Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам топ бул кылмышка шектүү адамдарды аныктап, колго түшүрүштү. Маркум менен шектүүлөр бир мектепте жогорку класстарда билим алып жатышкан. Шектүүлөр: 19 жаштагы Н.Т., 17 жаштагы Ж.С., К.А., Д.А., С.Д., А.А., 16 жаштагы Т.Т. жана Т.Э. Алар алгачкы суракта күнөөнү мойнуна алышкан.

Алгачкы тергөө амалдары менен белгилүү болгондой, маркум менен шектүүлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер болгон. Шектүүлөрдүн биринин айтымында, 2018-жылдын декабрь айында маркум аны сабап, уюлдук телефонун тартып алган. Бул үчүн өч алуу максатын көздөгөн окуучулар түнкүсүн үйүнөн чакырып чыгып, таяк менен сабашкан.

Күбөлөр окуучу баланын денесинде тактар бар экенин, токмок жеген деп болжолдонуп жатканын билдиришкен.

Айрым маалыматтар боюнча, каза болгон окуучу — 2000-жылы туулган Д.А. акыркы жолу атасынан түнкү саат 24:00 чамасында суранып чыккан.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, бүгүн, 12-февралда саат 8:23 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу унаа базар тараптан (базардын теңи мал базар) адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам тергөө тобу маркумдун жанынан канга окшош тактар бар жыгач таяк табышкан. Ал эми ата-энеси уулу 12-февралга караган түнү саат 24:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганын айтышты.

Бул факты Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесиндеги 1-бөлүм (адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишти тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×