Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 12:41 На русском

Бишкекте сүзүшкөн 3 унаанын бирин депутаттын күйөө баласы, подполковник башкарып жүргөн

Turmush -  Бишкек шаарында жол кырсыкка себепкер болгон милициянын подполковниги буга чейин ээлеген кызматынан бошотулуп, териштирүү иштери жүрүп жаткан болчу. Мас абалдагы милиция кызматкери 10-февралда Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде «Лексус» унаасы менен бара жатып, кырсыкка кабылганы маалымдалган.

ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда милиционер — Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин күйөө баласы Айбек Сыдыков катышкан жол кырсык тууралуу расмий маалымат берди.

ИИМдин билдирүүсүндө: «2017-жылдын 5-октябрында “Ретро-Метро” түнкү клубунда А.Сыдыковдун катышуусунда болгон окуя боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен ал ээлеген кызмат ордуна толук эмес ылайыксыз деп табылган. Ошондой эле жогорудагы факты боюнча ошол убакта Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо, куралды колдонуу менен бейбаштык кылуу, кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу беренелери менен кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 2-февралында иликтөө жыйынтыкталып, аталган кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна жиберилген. 2018-жылдын 22-октябрында Биринчи май райондук соту Айбек Сыдыковду КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмү (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу түрдө соттогон. Ал эми А.Сыдыковдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу жөнөтүп, иш карала элек.

Биринчи май райондук соту аталган кылмыш ишин кароо учурунда 2018-жылы эле Бишкек ШИИБдин кызматкери А.Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББдин карамагында жүргөн», - деп айтылат.

Бишкек ШИИБдин билдирүүсү боюнча жол кырсык 10-февралда болду. «Лексус», «Дэу Нексия» жана «Тойота Марк 2» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, «Лексустун» айдоочусу мас абалда болгон. Ал алкоголь ичкен же ичпегендигин текшертүүдөн баш тарткан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×