Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 12:10 На русском

Бишкекте 8 жыл мурда дайынсыз жоголгон Көчкөнбай Жумалиев изделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Октябрь РИИБ 2011-жылдан бери дайынсыз жоголгон 55 жаштагы Жумалиева Көчкөнбай Жекшенбаевичти издеп жатат.

Милициянын маалыматына караганда, ал 2011-жылы Бишкектин Туңгуч кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, чачы кара түстө, ак аралап калган. Көзү күрөң, арык дене түзүлүштө.

Өзгөчө белгилери: курсагында операциядан кийинки так бар. Желкесинде кызыл түстөгү калы бар.

К.Жумалиевдин кабарын билгендер болсо Октябрь РИИБге (0312) 54-41-16, (0550) 10-28-53, (0555) 01-17-17 номурлары аркылуу же 102 кызматына кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×