Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Чүй облусуЖайыл району 12.02.2019 11:39 На русском

Унаасына 2 тонна спирт жүктөп бара жатканда кармалган Идрис 30 миң сом айып төлөйт

Turmush -  Жайыл районунун соту Идриске (аты өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Кылмышка себеп болгон окуя

Айыпталуучу 2017-жылдын декабрь айында Бишкектеги «Ош» базарынын аймагында белгисиз адам менен 2000 литр этил спиртин алуу боюнча макулдашкан. Ал Кара-Балта шаарынын аймагында белгисиз адамга спирттин ар бир литрине 100 сомдон төлөп, ал эми Сокулукта «Мерседес-Бенц 814» үлгүсүндөгү унаасына 2 тонна этил спиртин куйдуруп алган. 2017-жылдын 30-декабрында болжол менен саат 20:00 чамасында өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө аталган унаанын айдоочусу кармалган. Автоунаага кароо жүргүзүлүп, ичине 1000 литрден спирт куюлган эки идиш табылган.

Айыпталуучунун көрсөтмөсү

Айыпталуучунун айтымында, 2017-жылдын октябрь айынын аягында «Ош» базарына иштөө максатында барган.

«Тааныштарым Кара-Балтада спирттин 1 литрин 120 сомдон сатууга болорун айтышкандыктан этил спиртин издеп баштадым. "Ош" базарга келип, спирттин 1 литрин 100 сомдон саткан жер таап, жалпы 200 миң сомго 2 тонна спирт сатып алдым. Мындай чоң көлөмдө спирт сатып көрбөгөндүктөн сатуучу менен айланма жолдон жолугууга макулдаштым. Ошол эле күнү кечинде сатуучу менен жолугуп, 2 тонна спирт куйдуруп алып Кара-Балтага бара жатканда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалып, унаам айып төлөөчү жайга токтотулду», - деп көрсөтмө берди айыпталуучу.

Жыйынтыгында сот Идристи күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 30 миң сом айып төлөө чечимин чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×