Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.02.2019 11:19 На русском

Жалал-Абадда сулуулук салондо өрт чыкты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Өрттөрдү өчүрүүгө 15 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 12-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектин Садыгалиев жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде «Ауди А6» үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Электр жабдыктарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу өрткө себеп болду. Адамдар жабыркаган жок.

Ошондой эле электр жабдыктарын пайдаланууда эреженин бузулушунан Жалал-Абад шаарынын Ала-Тоо көчөсүндө жайгашкан соода борбордун 2-кабатындагы сулуулук салондо өрт чыкты. Анын ичинде кийим тигүүчү машина, үтүк жана үлпөт көйнөгү күйгөн.

Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагындагы Дөш айылында өрт чыгып, 108 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен үй эмеректери, документтер, эшик-терезелер өрттөнгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×