Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусуКара-Суу району 12.02.2019 10:10 На русском

Кара-Сууда 42 жаштагы адамды унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 656-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Каарман айылындагы жол кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Окуя 9-февралда саат 19:30 чамасында болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, Өзгөн районунун 1989-жылы туулган тургуну А.Т.нын башкаруусундагы «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып жөө жүргүнчү — Кара-Суу районунун 1977-жылы туулган туулган тургуну Ш.М.ды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

в

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×