Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусуКара-Суу району 12.02.2019 09:53

Кызматынан убактылуу бошотулган Төлөйкөндүн башчысынын ишин Ош шаардык соту карап жатат

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы кызматынан убактылуу бошотулган Алмаз Абдукаримовго карата козголгон иш Ош шаардык сотунда каралып жатат. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

Анын айтымында, А.Абдукаримовдун иши Ош шаардык сотунун өндүрүшүндө каралууда.

Учурда Төлөйкөн айыл өкмөтүн буга чейин жооптуу катчы болуп эмгектенип келген Хатам Сулайманов башкарып жатат. Ал эми Алмаз Абдукаримов убактылуу иштен четтетилгенин Кара-Суу райондук администрациясынан билдиришкен болчу.

Буга чейин аталган айыл өкмөттүн башчысы менен жер адиси жер мыйзамдарын бузгандыгы боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан кармалганы айтылган. Алардын кармалышына 10 адамга жер берүү боюнча токтомго негизсиз кол коюшкандыгы себеп болгон. Аймактык кабарчы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовго кайрылганда ал айыл өкмөт башчысынын кармалганы боюнча маалыматты уккандыгын, бирок кат жүзүндө расмий маалымат келбегендигин билдирген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×