Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусуАраван району 11.02.2019 17:58

12 окуучу окуган Аравандагы мектептин кооптуу дааратканасы (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Күндөлүк айылындагы мектептин дааратканасы талкууга түштү. Интернет колдонуучулары даараткананын сүрөтүн да жарыялашты.

Бул мектепте учурда 1-класстан 4-класска чейинки 12 окуучу билим алып жатат. Мектептин дааратканасынын үстү тосулбай, жыгачтары чирип кеткен.

Ал эми Араван районунун акиминин орун басары Музафар Мамасаидов: «Аким учурда интернетте талкууланып жаткан Күндөлүк айылына кетти. Мектептин абалын жана ажаткананы жеринен көрүп келет», - деди.

Күндөлүк айылында 20 кожолук жашайт. Ал эми 4-класстан жогорку класстагы окуучулар Чөгөм айылындагы мектепке каттап окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×