Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Нарын облусуЖумгал району 11.02.2019 17:41 На русском

Жумгалда мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилүүдө

Turmush -  Балдар арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында Жумгал районунун прокуратурасынын кызматкерлери ата-энесинен ажыраган балдар жана ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткен балдар менен жолугушуп жатышат. Алар балдар менен үйлөрүндө жана алар окуган мектептерде кезигип, түзүлгөн шарттар менен таанышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

2019-жылдын 5-февралынан тартып Жумгал районунун прокурору Т.Койчуман уулунун демилгеси менен Көк-Ой, Кызыл-Жылдыз, Жаңы-Арык жана Байзак айыл аймактарында ата-энесинен ажыраган балдар жана ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткен балдар менен жолугушуу иштери уюштурулду. Бул иш-чарага Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, райондук социалдык коргоо башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери катышты.

Жолугушууда балдардын үйүндөгү жашоо шарттары, аларга болгон мамиле, мектептеги окууга болгон кызыгуулары жөнүндө айтылды. Ошондой эле Көй-Ой, Кызыл-Жылдыз, Жаңы-Арык, Байзак айылдарындагы орто мектептердин 8-9-10-11-класстарынын окуучулары үчүн атайын сабак өтүлүп, алар менен ар кандай темада талкуу уюштурулду.

Мындай жолугушуулар райондун башка айылдарында дагы уланары айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×