Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусуПанфилов району 11.02.2019 17:35 На русском

Панфиловдо бирге арак ичкен туугандардын жолугушуусу бычакташуу менен аяктаган

Turmush -  Панфилов районунун соту пенсионер Шухратка (З.Ш.С., ысымы өзгөртүлдү) козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Ал мас абалында 2018-жылдын 11-декабрында болжол менен саат 19:30 чамасында үйүндө жабырлануучу Абжаббар менен бирге отуруп, анын курсак тарабына ашкана бычагы менен сайган деп айыпталган. Жабырлануучунун айтымында, ошол күнү тууганы Шухраттын үйүндө конокто болгон. Айыпталуучу жумуртка кууруп, экөө дасторкон үстүндө арак ичип отурушкан. Абжаббар мас абалында болгондуктан, андан кийин эмне окуя болгону эсинде жок экенин айтты. Учурда ал соттолуучуга эч кандай дооматы жок экендигин жана ага күйөө бала болорун айтып, кылмыш ишти токтотууну суранган.

Соттун чечими менен Шухрат күнөөлүү деп табылып, 5 жылдык жаза мөөнөтү күчөтүлгөн режимде өтөлсүн деп белгиленди. Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, 1 жылдык сыноо мөөнөт берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×