Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусу, Ош 11.02.2019 17:26

Ошто өспүрүм кикбоксчулар күч сынашты (видео)

Turmush -  Кечээ, 10- февраль күнү Ош шаарында өспүрүмдөр арасында кикбоксинг боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу машыктыруучу, турнирдин башкы калысы Нурлан Тиленчиев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш бокс жана оор атлетика мектеби тарабынан уюштурулган.

«Ош шаарындагы спорт клубдардан жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 200гө жакын жаш спортчулар келди. Алардын арасында Наманган облусунан келген кикбоксчулар да бар. Мелдешке 20 кг салмактан 51 кг салмакка чейинки спортчулар катышты. 1-2-3-орунду ээлеген спортчулар бокс жана оор атлетика мектеби тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты», - деди Тиленчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×