Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусуКара-Суу району 11.02.2019 16:57 На русском

Байгеде 3 унаа, 25 төө, 15 тай, алтын кур: Кара-Суудагы аламан улак тартыш (видео)

Turmush -  Кечээ, 10-февраль күнү Кара-Суу районунун Фуркат айылында аламан улак тартыш уюштурулду. Анда байгеге 3 унаа, 25 төө, 15 тай жана акчалай сыйлык коюлду.

Улакчы Бауш Султанбековдун айтымында, өзү жана Байыш Ниязов эң мыкты улакчы аталып, алтын кур менен сыйланышты. Аламан улак тартышты жеке ишкер балдарын сүннөткө отургузганынын урматына уюштурган.

Эки улакчыга эл ыраазычылыгын билдирип, Ош облусундагы улак тартыштын деңгээлин көтөрүп, коңшу өлкөлөрдө да чоң сыйлыктарды алып келе жатышканын белгилешти. Мындан тышкары башка улакчыларга да автоунаа, токулуу ат, тай жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Бул улак тартыштан 1 топоз, 1 тай уттум. Мындан тышкары эң мыкты улакчы аталып, алтын кур алдым. Элдин берген баасына ыраазычылык билдирем. Улак тартыш кыргыз элинин улуттук оюну. Биз болгону тынымсыз машыгуу менен мыкты ойноп келебиз. Ал эми коңшу мамлекеттерге барганда өлкөнүн намысын коргогонго аракет кылабыз. Анткени улак тартыш — ата-бадан калган мурас», - деди Бауш Султанбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×