Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Баткен облусу, Баткен 11.02.2019 19:19

Баткендин мэриясы стадиондун жерине курулган имараттарды сатып алууга 3 млн сом бөлдү (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарындагы борбордук стадиондо жеке ишкерлер салган имараттарды сатып алуу үчүн мэрия 3 млн сом бөлдү. Бул тууралуу Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимов билдирди.

Анын айтымында, стадиондун аймагындагы курулуштар 7 млн сомго бааланган.

«Баткен шаарындагы борбордук стадиондогу жерлер жеке ишкерлерге 49 жылга ижарага берилген. Ал жерлерге ишкерлер имараттарды куруп, иштеткени иштетип, бүтпөй калгандары да бар. Биз аларды жеке тараптардан сатып алып, спорт залдарды курууну пландап жатабыз. Ошондуктан имараттарды сатып алуу үчүн быйылкы жылы шаардык бюджеттен 3 млн сом бөлдүк. Негизи имараттар 7 млн сомго бааланган. Калган акчаны кийинки жылдары бөлөбүз», - деди шаар мэри Мамыржан Рахимов.

Ал эми борбордук стадионду оңдоп-түздөө үчүн шаардык бюджеттин эсебинен 2019-жылга карата 200 миң сом бөлүндү.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Баткен шаарындагы борбордук стадион футбол ойноочу аянт эмес, концерт өткөрүүчү жайга айлангандыгын айтып чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×