Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусу, Ош 11.02.2019 16:19

Астролог Манас Джаанбаев: Улуу кыргыз элинин энциклопедиялык календарын түзүүгө 45 жыл короттум (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы акушер-гинеколог, астролог Манас Джаанбаев улуу кыргыз элинин энциклопедиялык календарын түзүүгө 45 жылдык эмгегин короткон. Ал календарь дүйнө калкынын буга чейинки жылнаамаларына негизделгендигин жана бул эмгек Илимдер академиясындагы окумуштууларга чоң жардамын берерин бүгүн, 11-февраль күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, календарды түзүү максаты — накта кыргыздын рухий таанып-билүүсүн дүйнөгө таанытуу. Ал дүйнөлүк коомчулукка чыгууга убакыт жеткенин белгиледи.

«Календарды түзүүгө 45 жыл убакыт кетти. Бул илимдин негизги темасы — Рух Манас ааламы атындагы улуу кыргыз элинин энциклопедиялык календары. Дүйнө жүзү боюнча 40ка жакын календарь бар экен. Мен ошол календарлардын негизинде, алардын мазмунун бириктирүү менен бул календарды түздүм. Аталган тема боюнча дүйнөлүк коомчулукка чыгууга ар дайым даярмын. Ал эми адам таануу илими ушул календарга негизделген. Ошондой эле көчмөндөрдүн космологиясы эске алынып, рух илимдер медицинасын бириктирдим» ,- деди ал.

Ошондой эле Джаанбаев календарь кайсы тармакка түздөн түз таасир этерин айтты.

«Улуу кыргыз элинин энциклопедиялык календары маданий, тарыхый, медициналык жактан кыргыз мамлекетинин идеологиясына түздөн түз таасир этет. Коомдук психологияга, социалдык идеологияга чоң таасир берет. Календарга камтылган эмгектер салттык медицинага эбегейсиз чоң салым кошот деген үмүттөр бар. Жалпак тил менен айтканда, накта кыргызчылык менен дарылоо системасын, адамдын биоэнергетикалык кан тамырлары боюнча эч ким изилдеген жок. Менин эмгегим дал ушулар фактылар менен айтылган. Бул илимдин негизинде адам таануу илимдеринин космографиясын изилдөөгө болот.

Жаш кезимден эле кыргызчылыкты изилдейм деп кыялданчумун. Ошондуктан салттуу медицинаны изилдеп келе жатам. Биз кыргыздар, накта кыргыз элинин энциклопедиялык календары түзүлгөндөн кийин кыргыз тилинде дүйнөгө таанытышыбыз керек. Дагы айта кетүүчү сөз, бул эмгегимди мен 22 жыл мурун патенттегем. Эмгегим окутуу системасына кирип калса, энциклопедиялык календарь менен кенен таанышууга болот», - деди Джаанбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×