Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусуАлай району 11.02.2019 13:00

Гүлчөдө алгачкы жолу маршруттук каттам ачылды. Окуучулардан жол акы алынбайт

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында алгачкы ирет маршруттук каттам ачылып, ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулу билдирди.

Анын айтымында, маршруттук каттам алгачкы ирет ачылганына карабай окуучуларды акысыз ташыйт.

«Алыскы айылдардан Гүлчө айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мектептерге каттап окуган окуучулар жана жергиликтүү тургундар үчүн маршруттук каттам уюштурдук. Учурда 4 кичи автобус бар. Окуучулардын жол акысы айыл өкмөт тарабынан төлөнүп берилет. Ал эми жашоочулар жол акысына 10 сомдон төлөшөт», - деди ал.

Каттам 15-февралдан тарта ишке кирет. Кичи автобустар саат 07:00дөн баштап 20:00гө чейин кызмат көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×