Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Чүй облусуСокулук району 15.03.2019 13:46

«Сасык тумоо болгон кайын журтума буттун дарысын берип, «бензин» менен идиш жууйм деп...»: Айдайдын кызыктары

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургуну Айдай Жолчубекова жолдошу Рамис экөө 9 жылдан бери бирге түтүн булатып, бактылуу үй-бүлөнү түптөп келе жатышат. Каарманыбыз Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 1991-жылы 16-февралда жарык дүйнөгө келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жалган» туулган күн

- Жолдошум Рамис экөөбүз мындан 9 жыл мурун, тактап айтканда 2009-жылы кычыраган кыштын чилдесинде — 21-декабрда үй-бүлөлүк жашоонун ак босогосун аттаганбыз. Катардагы студенттердей эле билим алып жүргөн кезим эле. Бир күнү курбу кызым Мунара туулган күнгө барып келели деп калды. Таежемдин колунда тургандыктан ал кишиден суранууга туура келди. Уруксат берди. Кудуӊдап, тайпалаш кыздар болуп Мунара айткан туулган күнгө конокко жөнөдүк. Барсак туулган күн эмес эле жөн гана отуруш экен. Мына ошол «жалган» туулган күндө болочок жолдошум менен таанышып калдым.

Жоголгон документтер

- Ошентип кече аяктап, үйгө тарай баштадык. Аялдамада автобус күтүп туруп калдык. Автобустун отургучтары муздак эмеспи. Тайпалаштарыма отурганда кичине болсо да сыз өтпөсүн деп, колумдагы папканы берип койдум. Анан эле баягы папканы автобуска унутуп түшүп кетиптирбиз. Ал папкада тайпалаштарымдын паспортторунун, университеттеги келишимдик акынын чектеринин көчүрмөлөрү бар эле. Тайпанын башчысы элем. Үйгө келип, папканы унутканыбызды билген соӊ «отурушуӊ менен сенин» деп барганыбызга өкүнүп, ыйлап жибердим. Кечинде Рамис телефон чалды. «Кандай жетип алдыңар?» деди. А, мен дароо папканы айтып, ызааланып жатканымды билдирдим. Мына ошо жоголгон папканы шылтоо кылып, күндө мага бир маал телефон чалып, «издеп жатабыз, капаланба, бир күнү табылат» деп жатты. Арадан убакыт көп өткөн жок. Бир күнү «папканы таптым, жолуксак болобу?» деди. Папка болбогондо барарым арсар болчу. Барсам, чын эле папканы тапкан экен. «Кантип таптыӊ?» дедим. Көрсө ал шаардагы болгон аялдамаларга кулактандыруу жазып илип чыгыптыр. Өз телефон номурун жазып, тапкан кишиге сүйүнчүсүн өзү бериптир.

Ортобуздагы айырма 6 жаш

- Бул жолугушуудан кийин ага-карындаш катары телефон аркылуу кат-кабар алышып турдук. Ал менден 6 жашка улуу. Рамис байке дечүмүн. Ал кыз-жигит болууга сунуш киргизгенде, «ортобуз алты жаш» деп баш тарткам. Бирок ал мени өзүнө тарта берди. Бир күнү эле жолугушууга 10-кичи районго паркка чакырып, мамалак оюнчугун жана роза гүлүн алып келиптир. Бирок өзү бергенден уялып, бакка илип коюптур. Мени карап «бир нерсе алып келдим, таап ал» деп тамашалап калды.

Баш кошууга сөз айтканда окушум керек, ата-энемдин жалгыз кызы болсом деп так секире берчүмүн. Бирок ал өзүм окутам деп калчу. Ошентип, бир жылдан соң 21-декабрда кафеге чакырып, колумду сурап, алып кетти. Эң башкысы сөзүнө туруп, окуумду татыктуу бүтүрүп алышыма шарт түзүп берди. Мен окууга кеткенде тун кызым Раянаны, кийин уулум Рамзанды карап, тарбиялоодо көп жардам берди. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем.

Суу деп, «бензин» алып келип…

- Үч күн бою көшөгөдө отурдум. Улуу жеӊем келип, идиш-аяктарды жууп бер деп калды. Ушуну менен келиндик жашоо башталды. Идиш жууганга сууну эшиктен алып келе коёюн деп сууга жөнөсөм, эшикте канистрлар тизилип туруптур. Аны мен суу экен деп көтөрүп келе жатсам, Рамис көрүп «кел, мен алып барып берейин, муну эмне кыласың?» деди. «Тим эле кой, өзүм эле» деп көтөрүп келип, чарага куюп жиберсем эле жыты буруксуп кетти. Көрсө күйүүчү май экен.

Кайын журтума башка дары берип...

- Дагы бир окуя эстен кетпейт. Жогоруда айткандай кышында баш кошуп, үйдө той болуп жатты. Кишинин артынан киши, коноктун артынан конок… Меймандар тарагандан кийин үйдө баарыбыз сасык тумоо менен ооруп калдык. Кечки тамактануудан соң, элпек жаным шашып-бушуп сырты «Нолгриппке» окшош бир дарыны баарына (кайната, кайнене жана башкалар) таратып, «ичип жатыңыздар» дедим. Көрсө ал бут оорунун дарысы экен. Уялганымдан эртеси чай берип жатып калтырап, титиредим. Кайнатам менин калтырап жатканымды билип «биз сасык тумоодон эле эмес, бут оорудан да айыгып калыптырбыз» деп баарыбызды күлдүргөн.

Рамис экөөбүз бактылуу үй-бүлө кура алдык

- Жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз. Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болобуз. Рамис Бакырдинов жеке ишкер. 1985-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуң айылында төрөлгөн. Учурда 2 уул, 1 кызды тарбиялап келебиз. Улуу кызым Раяна 3-класста окуса, ортончу уулум Рамзан башталгыч класста билим алат. Эӊ кенжебиз Ризван бала бакчага барат.

Үй-бүлөдө ынтымак жана бактылуулук болуш үчүн, аял кишинин орду бийик болушу керек. Ал бардык жагынан шыктуу, амалкөй жана эң башкысы ыймандуу болушу зарыл. «Аял» деген 3 тамга эне, жар, эже, карындаш жана дарыгер, ашпозчу, мугалим, тарбиячы деген ролдорду камтыйт.

Сөзсүз түрдө жолдошуӊа баш ийип, акылдашып оокат кылуу зарыл. Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт эмеспи. Өйдө-ылдый болгон учурда сабырдуу болуш керек. Жолдошуң айткан акыл-насаатты эч убакта четке какпай, бир-бириңе жөлөк-таяк болгондо гана үй-бүлө бактылуулук жана ынтымактуулук өкүм сүрөт.

Өзүм тууралуу

- Атам Жолчубек Чынарбаев жана апам Ракыя Шерматова мени ушу даражага жеткирип, таалим-тарбия берип келишти. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Байкем Айбек Шерматов, иним Адыл Калилов.

Өзүм 1997-жылы Балыкчы шаарындагы Манас атындагы орто мектебинин ак босогосун аттап, 2008-жылы 11-классты артыкчылык аттестат менен аяктагам. Кыргызстанга өз салымымды кошсом деген үмүт менен журналистика факультетине тапшыргам. Тажрыйба топтоо үчүн гезиттерде эмгектенип жүрдүм. 2015-жылы Исмаил айылындагы Чодугүл Байсалбекова атындагы орто мектебине англис тили боюнча мугалим болуп жумушка орношуп, 2017-жылы директордун тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалдым. Мындан тышкары учурда Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде магистратура бөлүмүндө кыргыз тили жана кыргыз адабияты бөлүмүндө окуп жатам. Быйыл буюса бүтөм, изилдөө иштеримди жазып жаткан кезим.

Менин хоббим

- Менин хоббим – китеп окуу, ыр жазуу жана окуучуларым менен долбоор боюнча иш алып баруу. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет демекчи, турмуш шартка байланыштуу журналистика менен эмес мугалим болуп эмгектенип жатсам да, айрым гезиттер менен иштешип, макала, ыр жазам. Себеби, жүрөгүм журналистикага ыктай берет. Нуржигит Кадырбеков агайыбыздын чыгармаларын байма-бай окуп, аны окуучуларыма да окутуп, түшүнүктөрүн жакшы айтып бергенине белек берип келем. Бош убакыт болуп калса окуучуларыма англис тилинен кошумча билим берип, семинар, иш-чараларды өткөрөм.

Окуучуларымды өзүмдөн да артык көрөм

- Учурда «Болочок калеми курч журналисттер» деген демилгелүү окуучулардын тобун түзүп алып, акысыз билим берип, майрамдарда репортаж тартып, макала жазабыз. Журналистика менен бирге окуучуларымды өзүмдөн да артык көрөт окшойм. Башым ооруп, сыркоолоп жатсам да же иш-чарага алып барып келиңизчи дешсе эле, жолдошум айтмакчы анын жөө калганына карабай, унаага окуучуларымды салып алып эле кетип калат экенмин. Мына ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берип, көпүрө болуп келе жаткан жашоодогу тирегим Рамиске терең ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Ошондой эле, Бейшенбек атама жана Шаарбүбү апама (кайната, кайнене) терең ыраазычылык билдирем.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×