Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Талас облусу, Талас 11.02.2019 13:11 На русском

Өзгөчө ысым: Таластагы Т.Турдалиеваны тааныштары «Тынымсыз айым» деп аташат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 62 жаштагы тургуну Тыным Турдалиеваны тааныштары «Тынымсыз айым» деп аташат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында төрөлгөн.

«Атымды атам койгон экен. Чоңоюп, эс тартып калгандан кийин: «Ата, эмнеге менин атымды мындай койгонсуз?» деп сурагам. Атам жаш кезинде бир боз үйгө кирсе калың салынган төшөктө бир байбиче отурган экен. Ошондо жанына барып атын сураса Тыным деп айткан экен. Ошондо кыздуу болсом атын Тыным коём. Ушул энедей бактылуу болсун деп ойлоптур. «Ошого ушинтип койгом кызым, сен ага өкүнбө» деп айткан. Анан ошондон кийин атымды көп ойлонбой калдым. Кудайга шүгүр, атам азыр 98 жашка чыгып калды. Менин атымды бир уккан адам кайра экинчи сурабайт. Бирок көпчүлүгү «атыңдын аягында -бү же -кан деген уландысы жокпу?» деп таң калып калышат. «Жок андай эмес, Тыным эле» десем «сейрек ат экен» деп калышат. Мени атам, анан көзү өтүп кеткен жеңелерибиз Тытай деп эркелетишчү. Атам чоңоюп, үй-бүлө куруп калгандан кийин Тыным деп эле атап калган болчу (күлүп).

Кесиптештерим дагы «сенин атың бекеринен Тыным эмес, түк тынбайсың» деп тамашалап калышат. Өзүм бир жерде отурганды жаман көрөм. Иштеп, кыймылдап жүргөн жагат. Ылдам басканга «бекеринен атың Тыным эмес, тынымсыз деп койсо болмок» дешип тамашалап калышат», - деди ал.

Тыным Турдалиева кесиби боюнча математик мугалим. 4 бала, 8 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×