Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Ош облусу, Кара-Суу 11.02.2019 11:53

Сүрөт — Кара-Суудагы эң сулуу кыз жана эң келишимдүү жигит аныкталды

Turmush -  Кечээ, 10-февраль күнү Ош шаарында «Кара-Суу сулуусу - 2019» жана «Кара-Суу мырзасы - 2019» сынактары өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу уюштуруучу Димаш Турсунбаев билдирди.

Анын айтымында, сынакка 11 кыз, 7 жигит катышты.

«Биз сынакка катышууну каалаган улан-кыздар арасында кастинг жарыялаганбыз. 30 кыздын ичинен 11 кызды тандап алдык. Ал эми кастингге келген 15 жигиттин арасынан жетөө тандалып алынды. Сынак 4 баскычта өттү. Катышуучулар саламдашуу, улуттук бий, улуттук стиль, талантын көрсөтүү, кечки стиль тапшырмалары боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду 18 жаштагы Кылымай Түркбай кызы алып, "Кара-Суу сулуусу - 2019" наамына ээ болду. Ал эми 17 жаштагы Милан Торомырзаев "Кара-Суу мырзасы - 2019" наамын жеңип алды», - деди Д.Турсунбаев.

Кылымай Түрбай кызы учурда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин 2-курсунун студенти.

«Кара-Суу районунун Мады айылынан болом. Сынак жогорку деңгээлде өттү. Катышуучулар мыкты даярдыкта келишиптир. Бирок жеңиш мага буйруду. Биз ар тараптуу өзүбүздү сынап көрдүк. Сулуулук сынагына алгачкы ирет катыштым. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн», - деди ал.

Ал эми Милан Торомырзаев Кара-Суу районундагы мектептердин биринде 11-класста окуп жатат.

Уюштуруучу Димаш Турсунбаев «Мистер Кыргызстан - 2018» сынагын жеңип алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×