Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Баткен облусуБаткен району 11.02.2019 11:41

Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Бужум айылында сарайдан өрт чыкты. Анын чатыры жана тоют чөп күйгөн. Өрттүн себеби белгисиз, адамдар жабыркаган жок.

Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан батирде жылыткычтан өрт чыккан. Ага электр жабдууларын колдонуу эрежесин сактабагандык себеп болуп, өрт тез арада өчүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×