Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Чүй облусуАламүдүн району 11.02.2019 11:15

Аламүдүндө үй өрттөнүп, бир адам ооруканага түштү

Turmush -  Аламүдүн районунун Жеңиш жаңы конушундагы Эркиндик көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу турак үйдө өрт чыкты. Өрт учурунда 19 жаштагы К.Э. аттуу жаран бутунан жаракат алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилди, деп билдирди ӨКМ.

Үйдүн чатыры, документтер жана тиричилик буюмдары өрттөнгөн. Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×