Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуЧаткал району 10.02.2019 14:23 Жаңыланды: 10.02.2019 22:17

Айыл турмушу: Чаткалдык мергенчи тирүү карышкыр багып, аны менен аңчылык кылууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын 41 жаштагы тургуну Жусуп Кадырбеков тирүү карышкыр кармап алып, аны үй шартында багып жатат.

Ж.Кадырбеков аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, тирүү карышкырды ал башка карышкырларды кармоого пайдаланууда.

«1 ай мурда кармап алган тирүү карышкырды башка карышкырларды атуу максатында үй шартында багып жатам. Аны менен 1 айдын ичинде 2 карышкырды жок кылдым», - деди ал.

Мергенчи карышкырды багуу опурталдуу экенин жана аны эт менен багып жатканын айтат.

«Карышкырды тирүү кармап алганда аны сат деген кардарлар чыкты. Бирок мен аны атайын башка карышкырларды кармоо үчүн багып жатканымды айтып, саткан жокмун. Бирок жырткычты багуу опурталдуу экен. Ошого карабастан колго үйрөтүүгө аракет кылып жатабыз. Мурдагыга караганда колго үйрөнө түштү. Жетелесек итке окшоп ээрчип жатат. Анын тамагы эт болгондуктан ага айылда өлгөн малдын этин алып келип берип жатам.

Учурда бул тирүү карышкыр менен аңчылыкка чыгып жатам. Аны байлап, айнанасына капкан коюп, ал аркылуу башка карышкырларды кармап жатабыз. Мал-жандыкка кол салган дагы көп жырткычты жок кылабыз», - дейт Ж.Кадырбеков.

Жусуп Кадырбеков жаш кезинен бери мергенчилик менен алектенет. Жыл сайын 4-5 карышкыр атат. Быйылкы кышта 3 карышкыр кармаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×