Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.02.2019 11:13

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну фландр коёндорун, брама жана дакан тоокторун багат (видео, сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 76 жаштагы тургуну Дарья Суранбаева эт, тыбыт багытындагы коёндорду багат.

Д.Суранбаева аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда ал 150 коён багат.

«Фландр породасындагы жүндүү жана күндүн түсүнө окшош кочкул сары өңдөгү коёндорду багып жатам. Аларды жакында эле алып келдим. Азыр аларга төрт ай болду, дагы төрт айдан кийин төл берүүгө жарайт. Фландр коёндору тың келишет, тез жетилет жана иммунитетти күчтүү келет. Жүндүү коёндорумду өзүнчө капаста кармайм. Февраль айынан тыбыт жүндөрүн тарап алып, жипке кошуп токуса болот. Булардын жүнүнүн узундугу 7-8 сантиметрге жетип, 200-300 грамм тыбыт алса болот. Салмагы 5-6 киллограмга жетет. Жыйырма күндөй жем менен багып сойсо, этти көп берет.

Коёндорду жаш өзөчөлүгүнө жана түрүнө карата ар бир капаска 10 даанаадан бөлүп коёбуз. Булар дагы адамдардай эле балалык, баё убактан өтөт. Мисалы эки айлык коёндор эч нерседен коркпой, жем берсең келе беришет. Бөтөн адамдан коркушпайт. Ал эми чоңоюп калганда бөтөн адамга жолошпойт. Атыр, боёнуучу суулуулук каражаттарынын жытын сезип, качышат. Ургаачы, эркек, төлгө жарай турган, жаш жана орто жаштагы коёндор деп өзүнчө капастарга бөлүп карайм. Анткени тез-тез төлдөбөшү үчүн бөлүп туруу керек», - деди ал.

Ал билдиргендей, коёндорду сатыкка коюп, пайда тапса дагы болот. Бирок ден соолугунун абалына байланыштуу базарга алып чыгууга шарты жок.

«Үйдө менден башка жолдошум жана неберелерим бар. Биз өзүбүздү табигый таза эт, жумуртка менен камсыздайбыз. Багып жатканыбыздын баары өзүбүз үчүн. Коёндорду сатыкка чыгарса деле болот. Бирок, ден соолугумдун абалына байланыштуу базарга алып чыкпайм», - деди Д.Суранбаева.

Мындан тышкары, ал эт жана жумуртка багытындагы брама породасындагы тоокторду багат.

«Брама породасындагы 60тай тоок бар. Алар күнүнө 30дай жумуртка берет. Ошондой эле, эт багытындагы 30 грузин үндүк, 15 цесарка жана урушка түшкөн дакан породасындагы тооктор бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×