Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 09.02.2019 10:54 Жаңыланды: 09.02.2019 17:27 На русском

Мал уурулук үчүн Асылбекти өз алдынча жазалап өлтүрүштү. Окуянын чоо-жайы (сүрөт)

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаардык соту Сузак районунда өкүмсүз өзү жазалоонун кесепетинен жергиликтүү тургундун каза болушу боюнча материалдарды карап чыкты.

Айыпталуучу - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Салмоорбек (Э.С аты өзгөртүлдү) орто билимдүү, мурда соттолгон эмеc, бойдок жана эч жерде иштебейт. Ал 2017-жылдын 8-декабрынан бери камакта. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-9-пунктары, 3-бөлүмүнүнүн 2-пункту, 4-бөлүмү (Адамдар тарабынан кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен, өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөн») жана 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-3-пунктары жана 3-бөлүмү (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан; өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен; курал же башка курал катарында пайдаланылган нерселерди колдонуу менен жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү, башка оор кесепеттерге же жабырлануучунун өлүмүнө алып келген) менен кылмыш иши козголгон.

Сузак райондук сот Салмоорбекти 2018-жылдын 18-мартында күнөөлүү деп таап, (104-берене менен) 10 жыл жана (125-берене менен) 8 жылга эркинен ажыраткан. Сот жазаны толук же жарым-жартылай толуктоо менен аны күчөтүлгөн режимдеги колонияда 12 жылга эркинен ажыратуу боюнча акыркы чечимин чыгарган.

Өкүм боюнча соттолуучу 2014-жылдын 7-июлунан 8-июлуна караган түнү саат 03:00дор чамасында Сузак районунун Курманбек айыл округуна караштуу Калмак-Кырчын айылынын тургуну М.Ж.нын үйүндө өзүнүн кылмыштуу шериги Темирбек (У.Т аты өзгөртүлдү) менен ошол эле айылдын 1958-жылы туулган тургуну Ю.Асылбекти сабап, анын мал уурулук кылгандыгын мойнуна алдыруу максатында анын эки бутуна жип байлап, буроо салышып, камчынын сабы менен жипти бурап кысып, Ю.Асылбекти кыйнап, денесине оор жаракат келтиришкен. Натыйжада, Ю.Асылбек алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, эки бутуна операция жасалып жатканда каза болгон.

Соттолуучу Салмоорбектин жактоочусу өкүм менен макул болбой, апелляциялык даттануу келтирип, анда соттолуучу соттук отурумда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, жабырлануучу Ю.Асылбектин өлүмүнө катыштыгы жок экендиги боюнча көрсөтмө берген. Ошондой эле, соттолуучу Салмоорбектин андай аракеттерди жасоосуна эч кандай негиз да болбогондугун, анткени, анын айылдашы Адылбектин жоголгон аты табылып, андан кийин ал экөө атты «Хендей Портер» автоунаасына жүктөп, айылына алып кетишкенин, кылмыш мыйзамдуулугунда айып конкреттүү далилдерге гана негизделип, бүдөмүк жыйынтыктарга негизделүүсү тийиш эмес экендигин айтты.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Андан тышкары, иш боюнча жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү соттук отурумга келип, тийиштүү көрсөтмөсүн берип, тосмо арыз бергенин жана соттолуучуга эч кандай дооматы жок экендигин көрсөтүп, ага карата эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чектөөнү сураган.

Сот отурумда Салмоорбек айтып бергендей, ал 2014-жылы жайлоодон түшкөн убакта, айылдашы Адылбек анын үйүнө келип, ал сунуштап берген аты жоголуп кеткендигин айткан. Ал жоголгон атын Жалал-Абад облусундагы Калмак-Кырчын айылына алып кетишкени жана ал айылга чогуу барып келүүcүн сунуштаган. Экөө аталган айылдын тургуну Жоомарттын үйүнө барышканда ал жерде 5-6 киши отурганын, Салмоорбек сарайга уурдалган атты караганы чыгып кеткен. Ал каза болгон Асылбекти ал түнү көргөн эмес.

Анын айтымында, ал бул кылмышты жасаган эместигин, жип менен камчыны каяктан алмактыгын айтып, каза болгон кишини ал тааныбай тургандыгын жана бул нерсе акылга сыйбаган нерсе экендигин айткан. Ага издөө иши жарыяланып жатканын билгенде таң калып, ал Кара-Кулжадагы үйүндө 2014-жылы эч жакка чыкпай, жалгыз бой апасы менен жашап жаткан.

Каза болгон Асылбектин аялы Чынаранын (Ч.О аты өзгөртүлдү) айтымында, күйөөсү Калмак-Кырчын айылында Жоомарт деген адамдын үйүндө таң атканча сабалган. Жолдошу операцияга кирерге чейин анын «Темир, Космос аттуу адамдар бутумду жип менен байлап бурап кыйнашты» деген сөздөрүн анын карындаштары видеого тартып алышып, тергөө органына өткөрүп беришкен.

Күбө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын тургуну Нышанбай уулу Адылбектин айтымында, 2014-жылдын июль айларында аты жоголуп, аны издеп жүргөндө жердешинин кайын журту тарабынан Бекен деген адам уурдап алганын уккан. Ал жерге агасы жана башка адамдар менен барып, каза болгон кишини көрбөгөндүгүн жана эч кандай кыйкырыктарды уккан эместигин айтып, атын автоунаага жүктөп алып айылына кетип калганын билдирген.

Күбө Жоомарттын айтымында, ал жайлоого кетип бара жатканда бейтааныш бала (Бекен) менен жолугуп калат. Ал бала андан тамеки сурап, экөө таанышып калат. Жоомарт андан кайсыл жерден экендигин сураганда ал Калма-Кырчын айылын айтып, ата-энесине берген бээ жоголуп, аны издеп жүргөндүгүн айткан. Жоомарт ал айылда мындай баланы тааныбай турганын айтканда, ал бала кайра кошуна айыл Сары-Булакта жашарын айткан. Шектенген Жоомарт сары-булактык бала тууралуу туугандардан сураганда аны эч ким тааныбастыгын айтышкан. Ошондо бейтааныш бала: «Мага бирөө карыз эле, ал Бишкекке кетип калганынан, атын алып келе бердим», деп айтып берген. Жоомарт буга чейин ат жоголгонун айылдашы Карыбектен уккан эле. Аны эстеп кетип, ал айылдашы Карыбекке чалганда ал баланы эч жакка кетирбей кармап туруусун айткан. Кармалган бала Асылбек деген адам менен мал уурдаганын жолдон келе жатып айтып берген. Асылбекти кармап алып, бутун жип менен байлап, сурак алып жатканда, ал бул уурулукту мойнуна алган эмес. Ошондо Салмоорбек баарын эшикке чыгарып, Асылбекти сүйлөттүрөм деп үйдө калып калган.

Прокурордун айтымында, күбө Адылбек ал айылга Салмоорбек менен келгендигин айтса, ал аны түндө көргөндүгүн айтып, муну четке каккан.

Соттук коллегия КРнын Кылмыш-жаза кодексинин15-беренесинин 3-бөлүмү, 315-беренесинин 1-бөлүмүнүн талабына жана сотто изилденген далилдер изилдөөсүнө ылайык, соттолуучу Салмоорбектин айыбына угузулган КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-2-3-пункттары жана 3-бөлүм боюнча анын кылмышты жасоого катышуусу далилдебегендиктен, акталууга жатат деген чечимин айтты. Ошондой эле, ал Салмоорбектин иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-2-бөлүмдөрү (Денеге оор залакасын тийгизүү) менен карап, 7,5 жылга эркинен ажыратуусун суранды.

Жалал-Абад облусунун соттук коллегиясы тиешелүү материалды карап чыгуу менен бирге 2018-жылдын 18-мартындагы чечим өзгөртүлдү. Анда Салмоорбек КРнын жаңы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-2-бөлүмдөрү (Денеге оор залакасын тийгизүү) менен күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылды. 125-беренедеги 2-бөлүмүнүн 1-2-3-пункттары жана 3-бөлүмдөгү айыбынан акталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×