Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Баракелде, Бишкек 08.02.2019 12:14 На русском

Чүйлүк аял 1 миң доллар жана 92 миң сомун алдаткан

Turmush -  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген адамды кармашты. Шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгонун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын ноябрь айында шектүү Чүй облусунун тургунунун (аял киши) ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап алып, өзү качып кеткен. Ал жабырлануучуга жер маселесин чечип берүүнү убадалап, андан ири суммадагы акча каражатын алып жүргөн. Жыйынтыгында жабырлануучу аял 1 миң доллар жана 92 миң сомун алдаткан.

Жабырлануучу январь айынын аягында милиция кызматкерлерине кайрылып, бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал эми Чүй ОИИБ Кылмыш-жаза кодексиндеги 204-берененин (алдамчылык) негизинде сотко чейинки териштирүүнү баштаган.

1494649.1.1549602383

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү — Жалал-Абад облусунун 1977-жылы туулган тургуну Б.Р. кармалды. Ал уюшкан кымыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×