Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 08.02.2019 10:40

Сузакта унаанын салону жана документтер күйүп кетти

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Өрттөрдү өчүрүүгө 14 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абаддагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Али айылында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаада өрт чыккан. Унаанын салону, кыймылдаткыч бөлүгү жана документтер күйүп кетти. Адамдар жабыркаган эмес, учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Чүйдүн Москва районундагы Садовое айылында «Мазда 626» үлгүсүндөгү унаанын салону жана кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×