Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Дүйнө 07.02.2019 17:38

Видео — 8 кабаттуу үй урап, 5 жаштагы кыз тирүү табылды. Стамбулдагы кырсык

Turmush -  Түркиянын Стамбул шаарынын Картал районунда 8 кабаттуу үй урап кетти. Окуя 6-февраль күнү болгонун жергиликтүү басылмалар жазышты.

Учурда уранды алдында калган адамдарды издөө жана куткаруу иштери улантылып жатат. Ал эми куткарылган адамдар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилүүдө.

«Уранды алдында калган 5 жаштагы кыз 19 сааттан кийин куткарылды. Жергиликтүү бийлик кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 13 адам куткарылганын билдирди. Ал эми жаракат алгандардын арасындагы 3 адамдын абалы оор», - деп жазды haberler.com.

Бул көп кабаттуу үйдө 43 адам жашачу. Болжолдуу маалымат боюнча, имараттын 3 кабатын ээлеген ателье мыйзамсыз иштетилип келген. Ошондой эле үйдүн астыңкы кабаттарында дүкөндөр да жайгашкан.

Картал районунун башчысы Алтынок Өз: «Имарат 1992-жылы курулган. Аны бузуу чечими жок болчу. Бул райондо кооптуу деп табылып, бирок бузулбай калган имарат жок. Учурда анын алдында канча киши калганы белгисиз. Астыңкы кабатта ателье бар болчу. Имарат бир жетекчинин жардамчысынын тууганына таандык», - деди.

(Имарат ураган учурдагы видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×