Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Баракелде, Дүйнө 07.02.2019 17:37 На русском

ТИМ: Россияда кыргызстандык, өзбекстандык адамдарды атып, өрттөп кетти делген маалымат тастыктала элек

Turmush -  Россиянын Магнитогорск шаарында кыргызстандык, өзбекстандык жарандарды атып, денелерин кичи автобус менен кошо өрттөп жиберген делген маалымат учурда тастыктала элек. Бул туурасында бүгүн, 7-февралда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бул окуянын чоо-жайын тактап берүү үчүн Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу Россиянын Ички иштер министрлигине кайрылган.

«Башкы консулга Россиянын укук коргоо органы тарабынан каза болгондор Кыргыз Республикасынын жарандары экендиги жөнүндө, ошондой эле алардын өлтүрүлүп, унаанын ичинде өрттөлүшү тууралуу расмий маалымат келе элек», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда Россия тараптан расмий жооп күтүлүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Россиянын Магнитогорск шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык адамдарды атып өлтүрүп, өрттөп кетишкендиги кабарланган.

Маалыматка караганда, алардын денелери кичи автобус менен кошо өрттөлгөн. Эксперттер алар өрттөлгөнгө чейин эле атылып өлтүрүлгөндүгүн такташкан. Унаа өрттөнүп жатып жарылып кеткен. Каза болгондор Өзбекстан менен Кыргызстандын Махмуд Жумаев, Алишер Каимов жана Альмир Абитов аттуу жарандары экендиги аныкталган.

«Газель» үлгүсүндөгү унаа 1-январда Карл Маркс көчөсүндө өрттөлгөн. Буга чейин бул көчөдөгү көп кабаттуу үйдө жарылуу болгон. Окуя алар өлтүрүлгөнгө чейин 1 күн мурда катталган.

Расмий маалыматтарга караганда, унаадагы өрттүн үйдүн жарылышына эч кандай тиешеси жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×