Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баткен облусуКадамжай району 07.02.2019 15:32 На русском

Баткенде чет өлкөдөн аткезчилик жол менен алынып келе жаткан 700 миң сомдук тамекилер табылды

Turmush -  Кадамжай районунун Марказ айылында аткезчилик жол менен жүк ташып бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, бажы кызматкерлери Кыргызстандын жараны А.Д.нын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алган. Унаада атайын даярдалган жашыруун жай аныкталган. Анын ичинде акциздик баасы жок, CAVALLO үлгүсүндөгү 28 коробка (14 миң куту) чыпкалуу тамеки табылган. Тажикстандан алынып келе жаткан тамекилердин баасы 700 миң сом болгон.

Аталган факты боюнча документтер Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×