Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Жалал-Абад облусуАксы району 07.02.2019 10:01 Жаңыланды: 07.02.2019 14:41 На русском

Айыл турмушу: Аксылык саяпкердин Красавчик аттуу аргымагы Өзбекстанда 5 млн сомго бааланды (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Ак-Дөбө айылынын 37 жаштагы тургуну Турдубек Шадиев 20 жылдан ашык убакыттан бери ат таптап келет. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал таптаган аттарды сатып алууну каалаган кардарлардын саны көбөйүүдө.

«Чоң атам улакчы болгондуктан биз дагы жылкы багууга кызыгып, 2000-жылдан баштап ат таптап, аларды улак тартыштарга катыштырып баштадык. Кийинчерээк атайын ферма түптөп, бул ишти толугу менен колго алдым. Учурда 40тан ашык баалуу аттарды таптап жатам. Алардын эң арзаны 200 миң сомго бааланат.

Өткөн 2018-жылы Красавчик аттуу аргымагымды 22 миң долларга Өзбекстандан келген кардарга саткам. Учурда ал атты 75 миң долларга (азыркы курс боюнча 5 млн 250 миң сом) баалап жатышыптыр. Аны алган адам бай киши болгондуктан, аргымакты улакка чаптырбай, өзүнүн сарайында таптап жатат. Ал өтө сулуу ат эле. Биз аны Базар-Коргон районундагы саяпкерден 1 миллион сомго сатып алганбыз. Ал атты айрым адамдар «миллион» деп аташчу. Атына жараша жакшы ат болчу, көптөгөн адамдар ага кызыкчу», - дейт Турдубек Шадиев.

Анын айтымында, эки атын 35 миң долларга сурашканда сатпай койгон. Себеби аргымактардын баасы мындан дагы кымбат экенин билет.

«Учурда фермада 3 жаштагы эки ат бар. Аларды кулун кезинде Россиядан алып келгенбиз. Кардарлар келип, экөөнүн ар бирин 35 миң доллардан баалашты. Бирок мен саткан жокмун. Себеби алардын баасы мындан дагы жогору экенин билем. Бул аттар дагы улакка катышканда мыкты жыйынтык көрсөтүп, атагы чыгып жатат. Улак тартышка алып барган сайын кардарлар чыгып, сатып алам дегендер көп болот», - дейт саяпкер.

Т.Шадиевдин айтымында, ал аттарды чет өлкөдөн алып келип, Бишкектин жылкылары менен аргындаштырган. Ал учурда Барон аттуу аргымагынан урук алып жатканын белгиледи.

«Барон деген аргымагыбыз бар. Аны Орто Азияга атагы чыккан Барондун ээси Алмаз Кожошев алып келгендиктен аргымакка дагы ушул ат ыйгарылган. Мен аны сатпайм деп дароо эле айткам. Учурда ал аттан тукум алып жатам. Келечекте дагы жакшы аттарды таптайбыз деген үмүтүм бар.

Учурда Бишкектеги жылкылар менен чет өлкөдөн алып келген аттарды аргындаштырып жатам. Таза кандуу кыргыз жылкыларын дагы, башка өлкөдөн келген аттар менен аргындаштыруу оюм бар. Чет өлкөдөн алынып келинген аттар жакшы баага бааланат. Ал эми биздин аттар абдан чыдамдуу келет. Аттарга убагында жем, чөп берип туруш керек. Мисалы аттарга жашынан баштап 1-2 килограммдан жем берип, бир режимге көндүрүш керек. Кийин ал атты 2 килограмм жем менен деле бакса болот. Айрым адамдар ушул чоң ат ушунча аз жем жейби деп таң калышат. Айрым аттар 15 кг чейин жем жейт. Алар ошол тартипке көнгөн. Улак тартышка алып барганда аттардын атагы чыгат, элге таанылат. Ошондон кийин кардарлар пайда болот», - дейт ишкер.

Т.Шадиев үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×