Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Чүй облусуСокулук району 04.02.2019 21:15 На русском

Сокулукта дагы бир окуучу көз жумду

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагындагы орто мектепте 10-класста билим алып жаткан окуучунун (эркек бала) денеси мал сарайдан табылды. Бул окуяны аймактык кабарчыга айылдын тургундары билдиришти.

Жашоочулардын айтымында, маркум баланын ата-энеси бирге жашабайт.

«Кичинекей кезинде эле ата-энеси ажырашып кетишиптир. Булар үч бир тууган. Каза болуп калган бала улуусу болчу. Үчөө теӊ атасынын колунда болгон. Кийин улуусу 7-класстан баштап Орок айылындагы туугандарынын колуна келип, мектептен билим алып жаткан. Ал ушул жылдын декабрь айында 18 жашка толмок. Анын денеси 2-февраль күнү бирге жашап жаткан туугандарынын мал сарайынан табылды», - деп билдиришти айылдын тургундары.

Ал эми мугалимдердин айтымында, маркум жоош, эч кимге зыяны жок бала болчу.

«Эч кимге зыяны жок, келечегинен көптү үмүттөндүргөн бала болчу. Бишкекке таэквондо ийримине барып катышып, бир топ мелдештерге чыгып келген. Бир топ медалдары бар. Жакында эле Казакстандагы өспүрүмдөр арасында өткөн мелдеште таэквондо боюнча чемпион болуп келген», - дешти мугалимдери.

Буга чейин ушул эле Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинин 9-классынын окуучусу асынып турган абалда табылган. Окуя 28-январь күнү болгонун мектептин директору Мукаддас Молдоказиева тастыктаган болчу.

«Жакшы окуган бала болчу. Жоош, бир калыпта жүргөн, ийкемдүү эле. Классташтарына сабактарынан жардам берчү. Мектептен ал бала менен эч кимдин пикир келишпестиги болушу мүмкүн эмес. Үлгүлүү окуучу болчу. Бала сабактан үйүнө саат 14:30 чамасында барыптыр. Ал эми кырсык саат 17:30 -18:00 чамасында болуптур», - дешти мугалимдер.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, маркум ата-энеси, бир туугандары менен чогуу жашачу. «Кара-Кужурдан көчүп келип, Сокулук районуна отурукташып калышкан. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болгон. Ата-энеси болуп чогуу эле жакшынакай жашашчу», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×