Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ысык-Көл облусуТоң району 14.03.2019 23:30 На русском

«Жеңеке»: Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон К.Мамбетова цивилизациядан алыс айылдагы кесиптешине турмушка чыккан (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — 51 жаштагы Кундуз Мамбетова.

Ал аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал мындан 27 жыл мурун Ысык-Көл облусунун Тоң районунун алыскы айылдарында жашаган жигитке турмушка чыгам деп эч качан ойлогон эмес.

«Атам менен апам үй-бүлөлөрүндө жалгыз бала болушкандыктанбы биз 11 бир тууган болдук. Бизди тарбиялоого чоң энем жана чоң атамдын салымы чоң. Чоң атам көрүнүктүү олуя адам болгон. Чоң энемдин айтымында, чоң атам даарат кылар алдында суусу толгон кумара ага өзү келчү экен. Дөөлөткожо чоң атама айылдыктар кеңеш сурап, батасын алганга келишчү. Ошондуктан чоң энем биз олуянын тукуму экенибизди айтып, дайыма ага татыктуу болуу керектигин эскертип турчу. Мындан улам менин бир дагы агам жана эжем азыркыга чейин спирт ичимдигин ичпейт», - деди ал.

Кундуз Мамбетованын айтымында, аны 5-курска чейин чоң энеси тарбиялаган.

«Чоң энем баатыр аял болчу. Биз катуу тартип менен жашадык. Мектептен келгенден кийин ар бирибиздин өзүбүздүн ишибиз бар болчу. Үйгө кирерде кийимибизди чечип, бүктөп койчубуз. Киргенден кийин эски кийимдерибизди кийчүбүз. Чоң энем «кийим менен кошо үйгө терс энергия, чаң жана кир дагы кирет жана ал ден соолукка таасирин тийгизет» деп айтчу. Таң калтырган чоң энем эсимде үлгүлүү аял катары калды», - дейт ал.

Анын бала чагы Тоң районунун Шор-Булак айылында өткөн. Айылдык мектепти аяктагандан кийин Ысык-Көл мамлекеттик университетинин физика факультетине тапшырган.

«Университетти аяктагандан кийин Большевик айылындагы бала бакчада тарбиячы болуп иштеп баштадым. Үч ай иштегенден кийин өз кесибимди аркалагым келди. Ошол убакта Туура-Суу 2 айылындагы мектепке физика мугалими керек болуп жаткан экен. Бул айыл жолдон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан, анда транспорт жана телефондук байланыш дагы жок эле. Ошентип цивилизациядан алыс жерге келип эле жашап калдым. Чоң энем дайыма «эгерде каалоо болсо, кайсыл жерде болбосун ийгиликке жетүүгө мүмкүн» деп айтканын эсимен чыгарган жокмун. Ошентип райондук борбордон алыс жайгашкан айылда иштеп калдым.

Ошол убакта айылдык мектепке Оттук айылынан жаш жигит иштөө үчүн келди. Ошентип ал мага сөз айтып, артыман жүгүрүп баштады. 24 жашымда ага турмушка чыктым. Ал чийүү сабагынан, мен физикадан сабак берем.

Учурда жолдошум Ынтымак экөөбүз 3 кызды жана бир уулубузду тарбиялап жатабыз. Балабыз ыр жазат, анын ырларын Аскат Мусабеков сыяктуу ырчылар ырдап жүрүшөт. Кайсыл бир убакта чоочун деп эсептеген Туура-Суу 2 айылы азыр сүйүктүү жериме айланды. Бул жактан үй тургузуп, балалуу болдук», - деди Кундуз Мамбетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
38.36% (366)
«РСК Банк»
35.43% (338)
«Капитал Банк»
9.33% (89)
...
Всего голосов: 954
×