Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Баткен облусу, Баткен 25.01.2019 16:20 На русском

Элдик уламыш: Азыркы өрүкзарлуу аймак миңдеген кендер бар үчүн Баткен аталган (видео)

Turmush -  Баткен аймагында байыркы мезгилдерде эле ар кандай кендер көп болгондуктан Баткен деп аталып калган. Илимде ушундай болжолдуу маалымат бар экенин Turmush басылмасына тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдирди.

«Тарыхтан алып караганда Орто кылымдарга барып такалат. Анткени түштүк-батыш региондо Кан-и-Гут кени биздин замандын 2-кылымында эле иштей баштаган. Ал 500 жыл бою үзгүлтүксүз иштеп, кийин Кокон хандыгынын, СССРдин тушунда да иштеп турган. Мындан тышкары да Айдаркен, Кадамжайга чейин миңден ашык кен байлыктар болгон. Ошондуктан союз учурунда да Кызыл-Кыя, Кадамжай, Лейлек райондорунда кен казылып турган. Бизден казылган кендер Орто Азияны камсыздап турган. Ошондуктан Баткен кендүү аймак катары таанылып, кендин мекени болгон. Баткен деп ошондон аталып калган», - деди ал.

Баткен деген сөз фарсы тилинен алганда «шамалдын кени» деген да маанини берет.

«Биздин Баткен облусубуздун аталышы фарсы тилинде шамалдын кени деп да айтылат. Бат — шамал, кен — кен дегенди түшүндүрөт. Бирок тарых жагынан алып караганда кендердин көптүгүн жөнүндөгү биринчи вариант ынандырат», - деди тарыхчы.

Баткен облусу 1999-жылы Ош облусунан бөлүнүп, өз алдынча облус макамын алган. Баткен шаары шаар деген макамга 2000-жылы ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×