Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Баткен облусуБаткен району 23.01.2019 18:39

Баткендин Кара-Бак айылында көрүстөндөгү бастырманын айынан кыргыз-тажик элинин ортосунда пикир келишпестик чыкты (видео)

Turmush -  Бүгүн, 23-январда саат 18:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз жана тажик элдеринин ортосунда пикир келишпестик чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан 1-2 жыл мурда аталган айылда маркумдар көмүлө турган көрүстөнгө жаан-чачындан коргоо, көр казган шаймандары сактоо үчүн бастырма курулган. Бүгүнкү чатакка тажик тараптын «бул жерге бастырма курганга болбойт, аны бузасыңар» деп чыкканы себеп болду. Көрүстөн турган жер Кыргызстандын аймагы катары эсептелет.

Учурда кыргыз тараптан 100гө жакын, тажик тараптан 50гө жакын адам топтолуп турат. Жергиликтүү бийлик жана чек ара кызматтары да келишти. Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү жатышат.


WhatsApp Image 2019-01-23 at 19.07.13

Кийинчерээк бул окуя боюнча Баткен районунун акими Кеңеш Салихов комментарий берди.

24-январда Баткен чек ара башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Кыялбек Төлөнбаев тажик тараптын көрүстөндөгү бастырманы буздуруу боюнча койгон талабы негизсиз экендигин билдирди.

Анын айтымында, бастырма чоң курулуштарга кирбейт жана чек ара тартиби сакталуу.

«Бул жер такталбаган аймак. Бирок бул жерде кыргыз тараптын көрүстөнү жайгашып, колдонуп келишет. Анан тажиктер кечээ бул көрүстөнгө курулган бастырманы бузуу талабын коюшкан. Анткени эки тараптуу такталбаган аймакка курулуш курууга уруксат жок. Бирок аларды талабы негизсиз. Анткени бул чоң курулуш эмес. Жөн гана бастырма. Ал жерде көрүстөнгө келгендер куран окутуп кетишет. Эми бул жерди тактоого эки тараптан комиссия түзүлгөн. Ошолор Кыргызстанга десе бизге, Тажикстанга десе ошолорго карайт. Азыр биз өзүбүзгө көрсөтүлгөн аймактарды коруп келебиз», - деди Төлөнбаев.

Келерки ишемби күнү Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун жетекчисинин ортосунда сүйлөшүү жүрмөкчү. Ага чейин эки тарап тең талаш жараткан аймакка кирүүсүнө уруксат жок.

«Кечээ сүйлөшүү болду. Бирок Исфара районунун акиминин орун басары келгендиктен район жетекчилиги менен биздин аким келерки ишембиде жолугарын билдирди. Бастырманын бузуу же бузбоо маселеси ошол күнү чечилет. Негизинен бул элдин колдонуп эле келген жайы, аны бузуунун кереги жок. Бул аймактар союз учурунда алмашылган делген маалымат — бул ушак», - деди Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаев.

Жергиликтүү тургундар эгерде эки тараптуу келишим менен бастырманы бузуу талабы аткарылса эки улут ортосунда чыр чыгып кетет деп болжолдоп жатышат.

«Анткени акыркы 5-6 жыл аралыгында эки тараптан тең курулуштар орун алган. Бул талап аткарылса эл мыйзам баарына иштеши керектигин көтөрүп чыгышат. Мында тажиктердин үйлөрүн бузуу талабын көтөрөбүз. Андан көрө бастырма бузулбай калуу жагын чечүү керек», - деди Кара-Бак айылынын тургундары.

2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарга курулуш курбоо келишими түзүлгөн. Бирок ага карабай бүгункүгө чейин эки тараптан тең мыйзам бузуулар катталып, келишпестиктер орун алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×