Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусу, Ош 12.01.2019 12:37 Жаңыланды: 13.01.2019 00:16 На русском

Ошто 2 жаштагы кайнисинин өлүмүнө шектүү келин камакта калтырылды

Turmush -  Ош шаарында кайын инисинин 2 жаштагы уулунун өлүмүнө шектелип кармалган аялдын балдары убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылды. 12-январда Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, тергөө бүткүчө 2 айга камакта калтыруу чечими кабыл алынганын ШИИБден маалымдашты.

Шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, шектүү келин базарда арабанын жардамы менен мөмө-жемиштерди сатып каражат тапчу. Ал эми жолдошу устачылык менен алектенип жүргөн.

«Көз жумган наристе жашап жаткан үйгө барганыбызда жашы жете элек балдар бар экен. Камакка алынган келиндин жалпы 5 баласы бар. Алардын бири туугандарынын колунда. Бул үй-бүлө 4 баласы, эжесинин кызы, кайнисинин 2 баласы менен барак тибиндеги 1 бөлмөлүү үйдө жашап келген.

Эжесинин кызы 12 жашта болсо, калгандары кичинекей. Ал эми камактагы келиндин эң кичүү баласы 2 жашта. 12 жаштагы кыздын айтымында, каза болгон бала 4 жаштагы бир тууган агасы менен ажатканага бара жатканда муздан жыгылып кеткен. Бала жыгылгандан кийин эле денеси көгөрө баштаган. Ошол учурда үйдө чоң адамдардан эч ким болгон эмес. Кийин тез жардам кызматы чакырылып, кармалган келин менен агасы баланы ооруканага алып кеткен.

Биз үй-бүлөнүн турмушу оор экенин байкап, балдарды балдар үйүнө убактылуу жайгаштырдык. Ал эми көз жумган наристенин 4 жаштагы агасын туугандары алып кетишиптир. Маркум наристени чоң энеси жакында эле "ооруп жатам, дарыланып чыккыча карап тургула" деп баласы менен келинине таштап кеткен экен», - деди Г.Раева.

Ал эми «Боорукердик» балдар үйүнүн жетекчиси Бермет Токтосунованын айтымында, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери 4 кыз, 1 эркек баланы убактылуу жайгаштырган.

«Балдарды кече жайгаштырганбыз. Бүгүн таятасы келип, алып кетет деп жатышат. Балдар учурда бизде», - деди ал.

Каза болгон баланын ата-энеси ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Ал эми атасы Россияда эмгектенип жүргөн. Ал 2018-жылдын 30-декабрында кеткени, окуядан кийин кайра келгени белгилүү болду.

Окуя тууралуу:

Ош шаарында 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалган. Наристе 10-январь күнү саат 15:00 чамасында Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген эле.

Ош ШИИБдин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 2-сентябрында төрөлгөн наристенин агасы (баланын атасынын агасы) анын тарамышы түйүлүп жатканын айтып алып барган. Дарыгерлер баланы карап, ал ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калганын айтып, ШИИБге билдиришкен.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлүп, окуя болгон жерде кароо жүргүзүлдү. Жабырлануучунун өлүмүнүн жана жаракатынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Соттук-медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын бети-башында, колдорунда жана сандарында көгөргөн жаракаттары, сол колунун билегинде ачык жаракаты бар экендиги аныкталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы — 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өз көрсөтмөсүндө наристени шымына сийгендиги үчүн чымчып, буттарына уруп жүргөнүн билдирди. Анын айткандарын күйөөсү да тастыктап, аялы наристени тарбиялоо үчүн кээде кол көтөргөнүн айткан», - деп айтылат Ош ШИИБдин маалыматында.

Подозреваемая

Учурда бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан ден соолукка өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×