Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
12.01.2019 11:50

Кыргызстанга жасалма документ менен кирген чет өлкөлүк жарандар кетип баратканда кармалды

Turmush -  «Ак жол – унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунан жасалма паспорт менен Кыргызстандан Казакстандын аймагына өтүп кетүүгө аракет кылган чет өлкөлүк 3 адам кармалды. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, алар Түркиянын жарандары болушкан.

Алар текшерүүдөн өтүп жатканда чек арачыларга паспортторун көрсөтүшкөн. Бирок шек саноодон улам текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында жасалма белгилер бар экени аныкталган. Ошондой эле алар Кыргызстанга жасалма документ аркылуу киришкени белгилүү болду. Ал эми өлкөнүн аймагынан чыгуу максатында башка жасалма документти колдонушкан.

Тактоо, териштирүү иштерин тиешелүү мамлекеттик органдар жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×