Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусуАт-Башы району 11.01.2019 17:00

Айыл турмушу: Кол өнөрчү А.Алымкулов кол эмгек сабагы боюнча китеп даярдап, министрликке сунуштады (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну Асанбек Алымкулов кол эмгек сабагына керектүү усулдук колдонмо китеп даярдап, аны Билим берүү министрлигине сунуштоодо. Бул тууралуу Асанбек Алымкулов аймактык кабарчы билдирди

Асанбек Алымкулов 1994-жылдан бери Ак-Муз айылындагы орто мектепте кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеп келет.

«2016-жылы Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектепте республикалык деңгээлде кол өнөрчүлүк боюнча семинар өткөргөнбүз. Ошондо кол өнөрчүлүк боюнча жазган усулдук колдонмо китебимди семинарга келгендер жактырышып кетишкен. Бул усулдук колдонмо китепте кол эмгек сабагынан окуучуларга эмнени үйрөтүү керектиги боюнча жазылган. Өрмөнүн түрлөрү, ат жабдыктарын жасоо, металды иштетүүнүн технологиясы, айыл чарба жумуштары жана башка боюнча кеңири жазып чыгып, райондук билим берүү бөлүмүнө сунуштагам. Быйылкы окуу жылынан баштап Ат-Башы районундагы мектептер мен жазган усулдук колдонмо китеп менен кол эмгек сабагын өтүп жатышат», - дейт ал.

Асанбек Алымкулов: «Кол эмгек сабагына багытталган атайын колдонмо китептер совет убагында даярдалып басылып чыккан китептер болчу. Алар жыл өткөн сайын актуалдуулугун жоготуп, колдонбой калганбыз. Ошондуктан кол эмгек сабагында биздин шартка байланыштуу эмнелерди үйрөтсө болот деп ойлонуп жүрүп, акыры усулдук колдонмо китеп жазуу идеясы келип, 2011-жылдан тартып китеп даярдоого кириштим», - деп кошумчалады.

Ал 2018-жылы усулдук колдонмо китепти Билим берүү министрлигине алып барып сунуштап келген.

«Алар Кыргыз билим берүү академиясына жиберишти. Бул китептин үстүнөн дагы иштеп, сүрөттөрүн сапаттуу кылып тартып кел деп тапшырма беришти. Китепти эркек балдарга гана эмес, кыздар үчүн да колдонууга боло тургандай кошумчалап, көлөмдүү кылып даярдоого аракеттенип жатам. Министрлик сунуштарымды жактырса, анда бул китеп республика боюнча кол эмгек сабагына колдонулат», - деди ал.

Мындан сырткары кол өнөрчү мугалим мектепке бурч уюштуруп, окуучулардын эмгектерин көргөзмөгө коюп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×