Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Талас облусу, Талас 11.01.2019 15:32 Жаңыланды: 12.01.2019 12:25

Айыл турмушу: Таластык Н.Сыдыкова жолдошу экөө 1000 сомго чейинки тортторду жасашат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 38 жаштагы тургуну Назым Сыдыкова 17 жылдан бери ар түрдүү тортторду жасап сатат. Аймактагы кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунда төрөлгөн. Торттор улуу кызынын ысымынан «Сезимай» деген аталышта чыгат.

«Өзүм кичине кезимден эле пирог жана башка таттууларды жасаганды жактырчумун. Кийин мектепти бүтүргөн соң Бишкек шаарына барып, атайын торт жасоочу цехтерде иштедим. Ал жактан көп тажрыйба топтой алдым.

Тортторду жолдошум экөөбүз даярдайбыз. Бирибиз камырын даяр кылсак, бирибиз жасалгалайбыз. Торт аябай кылдат мамилени талап кылат. Курамындагы кошулмалар ашыкча же кем кошулуп калса дагы өзүңдүн оюңдагыдай чыкпай калат. Ошондуктан ар бирине этият мамиле жасаш керек. Торттордун баасы ар кандай, көлөмүнө жараша 220 сомдон 1000 сомго чейин жасап беребиз», - деди ал.

Ишкер айым 2 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×