Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баракелде, Бишкек 11.01.2019 19:35

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары июнда Кыргызстанда жолугушат

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кеңешин уюштуруу маселеси боюнча бүгүн, 11-январда жыйын өткөрдү. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өтүп, уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлгөн.

«Биз ШКУну өз ара ишенимге негизделген кызматташууну өркүндөтүүчү аянтча катары көрөбүз. ШКУнун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө мамлекеттердин ынтымагы, ишенимдүү өнөктөштүгү жана бири-бирине болгон сый-урматы — бул уюмдун негизи», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы, Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешин 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү өткөрүү пландалып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун мындан аркы беделинин бекемделишине жана эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык кызматташууну андан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×