Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.01.2019 13:25

Ысык-Атада эхинококкоздун жана альвеококкоздун кесепеттери талкууланды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында Үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинети тарабынан эхинококкоздун жана альвеококкоздун алдын алуу максатында, жыйын уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыйынга үй-бүлөлүк дарыгерлер топтордун жетекчилери, райондун ветеринардык кызматкерлери, Кант шаарынын мекемелеринде түзүлгөн коомдук ден соолук комитеттин мүчөлөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышышты.

«Негизги маселе эхинококкоз оорусунун таралышына бөгөт коюу. Себеби, эхинококкоз менен жабыркаган адам узак убакытка чейин айыгып кете албай дарты өнөкөт ооруга айланып, чоң оперативдик кийлигишүүлөрдү талап кылат. Кайталанган химиотерапия жана калыбына келтирүүгө (реабилитацияга) көп убакыт кетет. Мындай жагдай адамдын ден соолугуна гана эле эмес мамлекеттин социалдык-экономикалык абалына да зыян келтирет.

Эхинококкоз менен күрөшүү иш-аракеттерине медициналык кызматкерлер, ветеринарлар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, айылдык ден соолук комитеттери, мектеп окуучулары жана элдин өзү да активдүү катышуусу зарыл» - деп билдиришти дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×