Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баракелде, Бишкек 11.01.2019 12:57

Бишкекте коомдук унаалардагы жол кире жогорулайбы?

Turmush -  Бишкек шаарынын мэриясы коомдук унааларга төлөнүүчү тарифти 2 сомго жогорулатууну көздөп жатат. Мэрия АКИpress агенттигине билдирген маалымат боюнча, мындай сунуш Монополияны жөнгө салуу агенттигине жөнөтүүгө даярдалып жатат.

Вице-мэр Максим Ситников мэриянын өкүлдөрү менен жүргүнчүлөрдү ташуучулардын ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусунда белгилегендей, тарифти жогорулатуу пландуу болот. Ошондой эле бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында жана тармактык комитетте каралышы керек.

Учурда Бишкек шаарында кичи автобустарда жол киреге саат 21:00гө чейин 10 сом алынса, саат 21:00дөн тарта 12 сом алынат. Автобустар менен троллейбустарга жүргүнчүлөр үчүн жол кире үчүн 8 сом төлөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×